// //

Сиз толеранттуусузбу?

2018.07.31, 14:25
2926

Дүйнөдө 7 миллиарддан ашык адам бар. Ар биринин кулк мүнөзү, тарбиясы, темпераменти ар башка. Демек, баардык эле адам толеранттуу боло албайт.

Толеранттуулук - башка пикирлерге, салттарга, көз караштарга, ишенимдерге түшүнүү, сыйлоо, урматтоо жана сабыр менен мамиле кылуу.

Адилетсиздик орногон жерде толеранттуу болгонго болбойт. Бирөө зулумдук кылып же мыйзам бузуп жатса кантип толеранттуу болосуң!

Кимдерди толеранттуу деп айтабыз?

Баардык адам толеранттуу боло албайт. Адамдар бири-бирине окшош эмес, бул мыйзам ченемдүү нерсе.

Кээ бирөөлөр мага баары бир дегендерди толеранттуу адамдар деп ойлойт.

Кош көңүл адамдарды толеранттуу деп айтпайбыз!

Толеранттуу адам өз орду, позициясы менен башкалардын маданий, салттык, көз карандуулук өзгөчөлүктөрүн билет, түшүнөт, ошол бойдон кабыл алат. Өзгөртүү керек деп ойлобойт. Өзүнө ишенип, позиясында турат.

Кантип толеранттуу болсо болот?

Толеранттуу болуу үчүн - билимдүү болуп, өз маданиятын жакшы билип, ошол эле кезде адам кандай болсо аны ошондой кабыл алганга үйрөнүү керек. “Бирөөнү айыптаба, ошол нерсе башыңа келет” деген кеп хадисте да, христиан дининде да бар.

Урушуп-талашпай эле өзүнүн оюн айта билген адам толеранттуу!

Адамдын толеранттуу болгону жакшы, бирок...

Баардык адамдын толеранттуу болгону жакшы, бирок аны ким кандай кабыл алат, кеп ушунда. Мисалы, ислам дининде башка маданияттарды сыйлаш керек, исламда зордук-зомбулукка орун  жок деп айтылат. Пайгамбарыбыздын доорунда дагы христиандар, иудейлер болгон.  Аларга карата зомбулук көрсөтүлгөн эмес, күч колдонуп, “Биздин динди кабыл аласың” деген нерсе жок болгон. Ошол мезгилде ар бир адам өзүнүн динин, маданиятын, баалуулуктарын сактай билген. Биз толеранттуулукту ушул өңүттөн алып караганыбыз жакшы.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт