// //

Алмаз Турдубай: “Бизнес баштагың келсе, алгач сатууну үйрөн!”

2018.07.26, 13:35
3253

Бул ирет Bilesinbi.kg порталынын түз эфиринде  Startup Orda негиздөөчүсү, бизнес-тренер Алмаз Турдубай конокто болду. Жаш болгонуна карабастан бир топ ийгиликтерге жетишкен ишкер өз тажрыйбасына таянып, жаштардын ишкерлик тууралуу суроолоруна жооп берди. Пайдалуу маекти төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.

 

Ката кетирмейин эч нерсе түшүнбөйсүң

Ар бирибиздин өз жолубуз бар. Албетте китептер, башка адамдардын тажрыйбалары жардам берет. Бирок, өзүң кыйынчылыктарга туш болмоюн, ката кетирмейин, чындыгында эч нерсени түшүнбөйт экенсиң.

Көп окуп, изденүү керек

Мен үчүн билимдин ролу чоң. Көбү “теориянын эмне кереги бар” деп айтышат. Мисалы, велосипед тепкиңиз келсе, теориянын кереги жок. Эгерде самолёт айдоону кааласаңыз, билим алмайын, чоң тобокелдикке барасыз. Бизнесте дагы ошондой, картошка, семичка сатып бир жерде эле олтура бергиңиз келсе, теориянын кереги жок. Эгерде жаңы деңгээлге чыгып, өнүгүүнү кааласаңыз көп окуп, изденүү керек!

Ишкерге керектүү жөндөм-сатуу!

 Алдыга туура максат койгула

Мектепти аяктап жатканда, “10 жылдан кийин дүйнөлүк технологиялар менен алектенген, ири масштабдагы ишканалар менен иштешкен консалтинг компаниясын ачам” деп кыялдангам. Ортодон убакыт өттү, билим алуу үчүн Россияга кеттим, тилегимди унутуп деле койгом. Тажрыйба топтоп алып, 10 жылдан кийин мекениме келип, консалтинг компаниясын ачтым. Кийин ойлосом, 10 жыл мурунку кыялым орундалыптыр.

Мен элдерге канчалык көп нерсе берсем, ошончолук көптү алам.

Коркуу сезими табигый көрүнүш

Бизнес баштагыңыз келсе, алгач өзүңүзгө “Эмнеге?” деген суроону берип, терең ойлонуп жообун табыңыз. Көбү эмне үчүн башташ керек дегенде, “акча үчүн, миллиардер болуш үчүн” деп айтышат. Бизнес бул татаал нерсе. Чыгарган продуктуң мыкты болсо дагы эл албай коюшу мүмкүн. Андыктан биринчи кезекте акча жөнүндө эмес, адамдардын көйгөйлөрү тууралуу ойлонсоңуз утушка ээ болосуз.  

Көбү  миллион табам, анан адамдарга жардам берем деп ойлойт. Бирок арадан канча жыл өтөт, анан бул аралыкка жетесизби деген суроо жаралат.

Бизнес-топтук оюн

Бизнеске конкреттүү бир жөндөмдөр керек. Эгерде бизнес баштоого керектүү жөндөмдөрүңүз жок болсо, сизге жетишпеген сапаттары бар адамдарды командаңызга топтоңуз. Миссияңыздын тегерегинде ой жүгүрткөндөр менен бириксеңиз, бизнес баштап кете аласыз.

Кыргызстан менен гана чектелбегиле!

Бизнес идея дегенде: унаа жуучу жай, кафе же бала бакча сыяктуу нерселерди элестетебиз. Бирок, идея деген бул- көйгөй! Адамдар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн сизге келет. Айлана-чөйрөңүздөгү маанилүү муктаждыктарга көз жүгүртсөңүз, керектүү бизнести таап, баштай аласыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт