// //

Дааватчыларга үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат

2018.07.25, 11:58
6871

КРдын Диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотоев "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү" мыйзамына пландаштырылган өзгөртүүлөр тууралуу  массалык маалымат каражаттарына билдирди.

2008-жылы кабыл алынган мыйзам, он жыл аралыгында дин карманган адамдардын саны бир кыйла көбөйгөнүнө карабастан, өзгөртүүлөргө дуушар болгон эмес.

Мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү карап көрсөк:

  1. Үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат

Мыйзам долбоору  диний көз караштарын жайылтуу үчүн үйлөрдү кыдырууга тыюу салууну көздөөдө. “Диний уюмдар диний иш-аракеттерге диний жерлеринде гана чакырууга укуктуу. Мисалы, сиз саат беште бизде жолугушуу болот деп чакыруу таштап кетсеңиз болот, бирок, үйгө кирүүгө тыюу салынат ", - деп билдирди Чотоев.

Биз кыдырууга тыюу салбайбыз, болгону мындай дейбиз: диндин өзөгүн диний объектилерде гана  түшүндүргүлө, сиздер жөн гана чакыргыла, бирок сураныч, чакырып жатканда ошол жерден түшүндүрүү иштерин жасабагыла. Бизде бул иш менен алектенген бир катар христиандык жана исламдык көз караштагы диний уюмдар бар. Биз алар менен кеңешип, чакыруу укугунда эмнелер чектелбей тургандыгын толуктадык.

Кызыгы булар кантип жөнгө салынаарын, Чотоев азырынча билбейт. Анын айтымында, диндерди жайылтуу - бул диний эркиндиктин тышкы укугу болуп саналат. Ошондуктан, үйлөрдү кыдырып жарандарды чакыруу укугун алар чектей алышпайт.

Учурдагы мыйзамга ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү жарандардын үйүнө келип, стандарттуу суроолорду узатып, жыйынтыгында мечит же чиркөөгө чакырышат. Ошондуктан, жаңы мыйзам эмнени өзгөртөөрү азырынча белгисиз.  

  1. Намазкана кызматына уруксат алуу

Иштеп жаткан мыйзамда  намазканалардын иш-аракеттери жөнгө салынбайт жана  "намаз бөлмөсү" деген түшүнүк жок болгондуктан, каттоону талап кылбайт. Чотоевдин айтымында, дал ушул намаз бөлмөлөрүндө Кыргызстанда тыюу салынган  "Йакын Инкар" уюмунун өкүлдөрү иш алып барышат. Мыйзамга намазкана  түшүнүгүн киргизүү каралууда, ошондо алардын ишмердүүлүгү көзөмөл астында болуп калат. Мыйзам долбоору күчүнө кирсе, намазканалардын каттоодон өтүшүнө жана ишмердүүлүгүнө ал жайлардын менчик ээлери мыйзамдуу түрдө жооп беришет.

  1. Жашы жете электерди диний иштерге тартууга тыюу салынат

Учурда иштеп жаткан мыйзамда диний уюмдарга балдарды тартууга толугу менен тыюу салынган, бирок кандай иш-аракеттерге тыюу салынаары тууралуу эч кандай тактоолор жок. Киргизиле турчу өзгөртүүлөрдө, иштөөгө болбойт, ал эми диний ырым-жырымдарга, ата-энесинин макулдугу жана катышуусу менен гана катышса болот деп айтылган. Балким, бул пункт киргизилсе, көчөлөрдү жана үйлөрдү аралап  динди жайган адамдар, мындан ары көчөдөн балдарга асылбай калат.

Бул "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү" мыйзамына киргизилчү өзгөртүүлөрдүн баары эмес. Дагы:

  • Өзгөртүүлөр бардык диний окуу жайларына дагы колдонулат. Эми алар иштөөгө уруксат алышы керек жана балдар 9-класстык билим алгандан кийин гана медреселерге окуй алышат.
  • Мамлекеттик комиссия тарабынан өлкөгө ташылып келип жаткан диний адабияттардын мазмуну жөнгө салынат.
  • Миссионерлер, тактап айтканда, ислам менен христиан өкүлдөрү Кыргызстанда өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн, мыйзамды бузбайбыз деген шарт менен, жыл сайын уруксатын узартып турушат. Мурда уруксатты үч жылга алышчу, андан кийин узартууга мүмкүндүк берилчү эмес.
  • Диний мүнөздөгү көрсөтүүлөрү бар ММКлар мамлекеттик комиссияны кабардар кылып, экстремизм темасындагы мазмундарын макулдашып турушу керек.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт