// //

Тамекини таштаса болот

2018.01.24, 10:45
6995

Тамеки тартууда мээ, өпкө, бөйрөк, табарсык, жүрөк, кекиртек, ашказан, жыныстык орган, жатын, тил, кан тамырлар жабыр тартышат.

Тамеки чегүү көбүнчө өспүрүмдөрдө чоңдорду тууроодон калыптанат. Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги таасир этүүчү зат —никотиндин бир аз дүүлүктүрүүчү касиетке ээ болгондугу түрткү берет. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын абдан бошоңдотот. Өспүрүмдөрдүн тамекиге болгон тартылуусу, кыз келиндерге болгон зыяны канчалык жогору экендиги туурасында адис суроолорго жооп берди.

  • Электрондук чылымдардын зыяны жокбу?

Электрондук тамекилер кадимки чылымдардан эки эсе зыяндуу. Алсак, өспүрүм жөнөкөй чылымды тартып жатканда, анын курамындагы никотин менен 40ка жакын зыяндуу заттардын белгилүү бир мерчемин алат. Ал эми электрондук тамекиге никотиндин дозасы синтетикалык жол менен орноштурулгандыктан, тазаланган, чыныгы никотиндин дозасын тартышат. Бул организм үчүн өтө коркунучтуу, чылымга болгон көз карандылык эки эсе күчөйт.

  • Тамеки тартса ашыкча салмактан арылат дешет?

Чылым гана эмес, алкоголдук ичимдиктер дагы арыктат. Себеби психоактивдүү заттарга; никотинге, этанолго көз каранды болгон адамдар үчүн нормалдуу тамактануудан мурун, зыяндуу заттардын дозасын алуу маанилүү. Чылым тарткан, ичимдик ичкен адамдардын зат алмашуу процессин жогорудагы психоактивдүү заттар тейлегендиктен, ал өзүнө керектүү болгон зыяндуу заттардын көлөмүн алууну жогорулатып, көз карандылыкка алып барат. Алгач зат алмашуу процессиндеги бул зыяндуу заттардын ордун пайдалуу заттар ээлеп турат. Алсак, С витамининин ордун никотин ээлеп, организм С витаминин сиңирип, кабылдабай, никотинсиз жашай албай калат. Ошол себетүү чылымга, алкоголго көз каранды адамдар нормалдуу азыктардан баш тартып, өмүр бою психоактивдүү заттарды кабыл алууга мажбур болушат.

  • Өспүрүм куракта чылым чегүү канчалык коркунучтуу?

Өспүрүм кезде организим жаңыдан калыптанып келе жатканына байланыштуу чылым тартуунун зыяны чоңдорго салыштырмалуу эки эсе күчтүү болот. Чылым өпкөнүн иштешин начарлатып, өнөкөт жөтөлгө чалдыктырат. 

Тамеки чеккен адамга бырыш эрте түшөт.

Тамеки чеккендер депрессияга тез-тез чалдыгып турушат, жыныстык органдарынын функциясы бузулат. Рак сыяктуу коркунучтуу дарттарга жол ачат, мына ушундай өтө коркунучтуу жактары арбын болот.

  • Кымбат баадыгы чылымдардын зыяны арзандарга салыштырмалуу азыраак болобу?

Жок. Фильтри бар жана жок чылымдарды алалы. Фильтри жок чылымдагы зыяндуу заттардын баары организмге эч тоскоолдуксуз, түз кирсе, фильтрлүү чылымдардын курамындагы зыяндуу заттардын 25% фильтрде калып калат. Бирок чылым тартууга көз каранды болгон адамдын организми өз дозасын толугу менен алмайынча канааттанбайт. Демек фильтрде калып калган 25% никотинди алуу үчүн эки эсе көп чылым сатып алат. Жыйынтыгында көп каражайт жумшайт.

  • Чылым чегүүдөн баш тартууга дарыканаларда сатылган таблеткалар, пластырлар жардам береби?

Жок. Ар бир адамдын организми ар башка болгондуктан, баардык каражаттар жардам бере бербейт. Дарылануу көз карандылык баскычына карата жеке жүрүшү керек. Ошол себептүү баш тартууну каалагандар атайын дарыгерлерге кайрылганы туура болот.

  • Эгер өспүрүмдүн ата-энеси чылым тартса, балага тийгизген таасири канчалык, тамеки тартууга оңой эле үйрөнүп кете алат дешет?

Күйгүзүлгөн чылымдын аягындагы температура 300 градус. Демек, чылымдан чыккан түтүндүн жарымын тартып жаткан адам ичине сиңирсе, калган жарымын айланасындагылар алат.

Эгер жаш балдары бар үй-бүлөөдө дайыма чылым тартылса, тартпагандар, бирок түтүнүн кабыл алгандар пассивдүү чылым тартуучулар болуп эсептелинет.

Кийин аларга чылымга көз каранды болуу оңой болуп калат. Изилдөөлөрдө дагы чылым тарткан өспүрүмдөрдүн айланасында чылымга көз каранды адамдар көп болот.

  • Тамекинин түтүнүнүн зыяндуулугу канчалык?

Чылым тарткандардын көбү, зыяны өзүмө эле тиет деп ойлошот. Бул жаңылыштык. Тартылып жаткан тамекинин буркураган түтүнүнүн курамындагы уулу заттардын 80 пайыздан ашууну организмде калат. Демек, аялдамада, коомдук тамактануучу жана эс алуучу жайлардагы чылым тартып жаткан адамдын айлансындагылар, тамеки тарткан кишиникидей эле ууланат.

  • Чылым чегүү стресстен арылтабы?

Жок. Эгерде адам чылым чекпей калса анда кыжырданып, ачуулана баштайт. Себеби никотин стресс гормондорун көбөйтөт. Эгерде никотиндин дозасы өз убагында алынбай калса, тескерисинче стресске жол ачат.

  • Айымдар үчүн тамекинин зыяны аз болобу?

Жеңил, же айымдар үчүн арналган, зыянсыз деген тамекилер чындыгында андай эмес. Аларда никотин менен смоланын курамы аз деп айтылат. Алсак никотин уулу баңгизат, смолада рак илдетин чакырган тамекиге жыт, даам берүүчү канцерогендик заттар жайгашкан.

Айымдар үчүн тамекилерде канцерогендик заттар көп. Экинчиден айымдардын чылымдарында смолада эмес, чылымдын өзүндө жайгашкан зыяндуу канцерогендер башкача айтканда табакспецификалык нитрозаминдердин концентрациясы жогору. Ошондой эле чылым тарткан адамдын организими белгилүү бир дозадагы никотинди алмайынча канааттанбайт.

Айымдардын тамексинде ал аз болгондуктан, сиз баары бир эки эсе көп сатып аласыз. Болгону айымдар үчүн чылымдар акча жасоо максатында чыгарылган, кезектеги маркетинг.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт