// //

Алмаз Султашев: "Талаа жумушу балаңызды оорукчан кылат!"

2018.07.20, 15:25
3597

Талаа жумуштарынын зыяндуу шарттары, элементардык гигиеналык ыкмалардын жоктугу иштеп жүргөн балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн ден-соолугунун туура эмес калыптанышына түрткү болот. Иштеген балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн талааларда иштөөнүн алардын ден-соолугуна тийгизген таасирлери тууралуу И. Ахунбаев атындагы КММАнын жалпы гигиена кафедрасынын окутуу бөлүмүнүн башчысы, доцент жана медицина илимдеринин кандидаты Алмаз Султашев айтып берди.


Бүгүнкү күндө айыл жергесинде талаа жумушу абдан көп. Талаа жумуштары күч алган мезгилде ата-энелер бойго жете элек балдарын күчкө салып, жумушка салат. Кичинесинен бардыгын үйрөнсүн деген ойдогу ата-эне баласынын ден-соолугуна кооптук жаратып жатканын түшүнбөйт. Биз бир нерсени унутпашыбыз керек, балдарга физиологиялык жактан жетилип жаткан убакта, оор жумуш аткарууга болбойт.

Балдардын эмгеги балдардын ден-соолугуна коркунуч туудурат!


Алсак талаада иштеген балдар төмөнкүлөргө дуушар болушат:

Ата-энелерге кеңеш!

Ар бир ата-эне баласынын келечегин ойлошу керек. Жумушка иштетсеңиздер дагы  балаңыздардын ден-соолугуна тийгизчү таасирлерин ар тараптан карап чыгып, кооптуу эмеспи байкап, анан ишке салыңыз. Эгерде талаа жумуштарын механизациялаштырууга мүмкүнчүлүгүңүздөр  же өздөрүңүздөрдүн эле колуңуздар жете турган болсо, баланы иштетпей койгонуңуз туура.

Көйгөйгө көңүл буруп, баланын эмгегин жеңилдете турган механизимдер бар болсо сөзсүз түрдө аны колдонуңуз!

Прафилактика үчүн жылына 1-2 жолу баланы дарыгерге алып барууну адат кылып алыңыз. Балаңыз жумуштун айынан кандайдыр бир терс таасир алып калса, балаңыздарды ал жумуштан алыстатып, тезинен дарыгерге алып барыңыз. Сөзсүз түрдө гигиена эрежелерин сактаңыз, балага дагы үйрөтүңүздөр.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт