// //

Сергек жашоо үчүн пайдалуу 5 тиркеме

2018.07.10, 15:30
6432

Мобилдик тиркемелердин жардамы менен ден-соолуктуу чыңдоого, спорт менен машыгууга, туура тамактанууга болот. Bilesinbi.kg бул ирет сергек жашоо образын жүргүзүү үчүн пайдалуу 5 тиркемени сунуштайт.

Google Playдеги чуркоого арналган эң популярдуу тиркемелердин бири.  Тиркеме сиздин жүгүрүп же велосипед тээп өткөн жолулуңуздун аралыгын айтып, картадан чагылдырып бере алат. Жетишкен ийгиликтериңизди досторуңуз менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындан сырткары калориянын өлчөмүн эсептеп,  алдыга план коюп, башкалар менен жарыш уюштура аласыз.   

Тиркемени жүктөө үчүн: Android, iOS

Окшош тиркемелер: Endomondo (Android, iOS), Runtastic (Android, iOS), «Бег для похудения» (Android, iOS)

Бир күндө 2 литрден ашык суу ичүү керектигин билесиз, бирок сууну туура бөлүштүрө албайсызбы? Анда бул тиркеме сиз үчүн. Жынысыңызга жана салмагыңызга ылайыктап бир күндө канча суу ичүү керек экендигин айтып берет. Колдонмого ичкен сууну көлөмү менен белгилеп туруу шарт. Эгер сиз сууну ашыгы менен же тескерисинче аз ичип жаткан болсоңуз колдонмо эскертип коёт.

Тиркемени жүктөө үчүн: Android, iOS

Окшош тиркемелер: «Моя вода» (Android, iOS), Hydro Coach (Android), «Напоминание Питья Воды» (Android)

Сергек жашоо образынын бир бөлүгү туура уктоо режими. Бул колдонмо сергек уйку үчүн. Уктоо циклин кыймылыңыз аркылуу көзөмөлдөп жана ойгонууга мыкты убакытты тандап берет. Эгер тиркеме коңурукту укса үндү жазып калат дагы, сизди ойготот. Эртең мененкисин уйку графигин карап, эс алуунун жетиштүү же жетишсиз экендигин көзөмөлдөй аласыз

Тиркемени жүктөө үчүн: Android

Окшош тиркемелер: Pillow (iOS), Runtastic Sleep Better (Android, iOS), «Умный будильник» (Android, iOS)

Бул эң популярдуу тиркеме. “Чөнтөктөгү машыктыруучу” деп да атап койсо болот. Тиркемеден жеке машыгууну же күчөтүлгөн тартипте баардык машыгууларды колдоно аласыз. Ар бир көнүгүүнү туура аткаруу үчүн орус тилинде видеоинструкциясы бар. Колдонмо сиздин машыгууңузду көзөмөлдөп турат.

Тиркемени жүктөө үчүн: Android, iOS

Окшош тиркемелер:  «7-минутная тренировка» (Android, iOS), Workout Trainer: fitness coach (Android, iOS), Sworkit Lite (iOS, Android).

Moves – автоматтык түрдө сиздин баскан кадамыңызды, чуркоо аралыгыңызды жаздырат. Бир күндө басып жүргөн жолуңузду, сейилдеген көчөлөрдү картадан көрсөтүп бере алат. Баскан кадамыңыздын ылдамдыгын эсептеп, убактысын айтып берет. Алдыга баса турган же чуркай турган аралыкты пландап алып аткарууга болот. Машинада же маршруттук каттамдарга түшкөндө автоматтык түрдө аралыкты, убакытты эсептебейт.

Тиркемени жүктөө үчүн: Android, iOS

Окшош тиркемелер:  Endomodo, Google Fit, Runtastic (Android)

Ден-соолук өмүр булагы! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт