// //

Мугалим кемсинтүүлөргө чыдай албады. Ал баарын чогултуп, бычагын алып чыкты…

2018.07.09, 15:09
3560

Мектептен көпчүлүктөн айырмаланып турган балдар, классташтарынын мазактоо курмандыгына айланышат. ​​Мугалимдер менен ата-энелер шылдыңдоону бир аз гана убакытка токтото алгандыктан, мындай окуучулар дээрлик эч кимден жардам күтө алышпайт.

Жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн, балдарды ичинен  өзгөртүп, кичинекей кезинен боорукердикке жана берешендикке үйрөтүү зарыл. Бир мугалим социалдык тармакка өзүнүн өзгөчө тажрыйбасы менен бөлүштү:

"Жумушка бара жатып, дүкөнгө кирип, эки алма алдым. Класстык саатта  балдар менен тегеректешип олтурдук. Андан кийин аларга эки алманы көрсөтүп, айырмачылыктарын табууну сурандым. Чындыгында айырмачылыктар болгон эмес – экөө тең  бирдей өлчөмдө, түстө болчу. Бир алма  кичине эле кубарган болбосо, олуттуу өзгөчөлүктөрү жок эле. Балдар унчукпай калышты.

Мен, кичирээк алманы алып, аны жийиркене карап, мындай дедим: "Фууу, кандай гана жийиркеничтүү алма! "Анан аны жерге ыргыттым.  Балдарым мени мээси айныган кишидей карап калышты! Кээ бирөөсү күлүп жиберди, көпчүлүгү жөн гана алайып олтурушту. Балким, алар мугалимибиз жинди деп ойлоду!

Мен,  байкуш алманы полдон алып,  жанымда отурган окуучуга сунуп: "Бери кара, бул акылсыз алма, сага дагы ушундай көрүнүп жатабы?! Муну бир нерсе деп атап, полго ыргытып жибер!” Бала баш ийип,  көрсөтмөлөрүмдү аткарды. "Эми айлампа боюнча узат, баары ага бирден жаман сөз айтышсын дагы,  жерге ыргытып жиберишсин!" - дедим.

Балдар, берилип кетишти. Алмага акарат кылууга креатив жетиштүү эле болду: "Сен жийиркеничтүүсүң, мен сени көргүм келбейт! Сенин сабың өтө кыска! Түсүң - коркунучтуу! Ичиңдин баары курт! Фу! " ж.б. Мөмөгө боорум ооруп, аны сактап калуу  жөнүндө ойлоно баштадым.

Алма айланып мага келгенде, аны өз ордуна, экинчи алманын жанына коюп, кайра балдардан айырмачылыктарды табууну сурандым. Алар дагы жооп бере алган жок. Балдар канчалык алманы жерге ыргытканы менен, тышы көрүнүктүү зыянга учураган эмес эле.

Мен бычакты алып чыгып, полго ыргытылбаган алманы экиге бөлдүм. Албетте анын ичи сонун көрүнүп турду, балдар бир тамшанып алышты. Вау...Ах...Эх.

Анан биздин курмандыгыбыз болгон, жерге бир нече ирет урулган экинчи алманы ошондой эле кылып экиге кестим. Биздин соккубуздан ичинин баары күрөң тартып, көгөрүп чыгыптыр. Албетте, аны эч ким жегиси келген жок – ал жийиркеничтүү көрүнүп турду. "Фу! Абдан жийиркеничтүү! Мага бул алма кереги жок! "- балдар ушинтип жатты.

Мен аларды таң калып карадым дагы: "Биз бул алманы ушул акыбалга алып келген жокпузбу?! Ал катуу сабалып жана коркунучтуу көрүнүп калуусуна биз күнөөлүү эмеспи? Эмне үчүн эми аны жегенге болбойт, м?" Жымжырт.....Бир саамга турдум дагы, мындай дедим: “ Балдар, элдер менен дагы ушундай болот.

Бирөөнү шылдыңдап, уят кылып, мазактасак, биз аларды ушул алма сыяктуу жерге ыргытабыз. Албетте, сыртынан алардын жараларын көрө албайбыз. Ишенип койгула,  жаман сөздөр аларды ичинен бузат. Биз адамдарды ичинен өлтүрөбүз. Мына минтип!- мен аларга алманы көрсөттүм. Биз бири-бирибизди полго ыргытууну токтотушубуз керек."

Менин балдарыма, мурун эч качан бир нерсе ушунчалык тез жеткен эмес! Баары өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, үстүнөн мазактап жатканда кандай оор акыбалда болгондорун айтышты. Баарыбыз бир сыйра ыйлап алдык. Сабактан кийин, бири-бирибиз менен кучакташа баштадык. Оюмду толук жеткире алгандыгым үчүн, мен ушунчалык бактылуумун! "

Кээде балдарга жана өспүрүмдөргө башкалардын кайгысын түшүнүү кыйын болушу мүмкүн. Чоң кишилер  аларга сөзсүз жардам көрсөтүшү керек!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт