// //

Уйкусу кангандын "ийгилиги" чоң болот

2018.01.23, 10:27
3384

 

Окумуштуулардын айтымы боюнча уйку жетишпегендик ден-соолукка зыян. Биринчиден, мээнин иштешине терс таасир берет. Экинчиден, организмге жабыркоо алып келет. Ошондой эле, өнөкөткө айланган чала уктоо себепсиз кыжырланууга, ыйлаактыкка жана депрессияга алып келет. Андан сырткары, жүрөк кан тамырлар ооруларынын пайда болушуна, шекер диабетине, семирүүгө алып келет.

Эмне кылыш керек?

  • Уйкуга бир аз калганда жата турган бөлмөнүн жарыгын азайтып койсоңуз жакшы. Себеби жарыкты азайтуу – сиздин организмиңизди уйкуга күүлөйт. Эгер музыка укканды жакшы көрсөңүз, анда жатар алдында жай жана акырын чыккан музыка угуңуз. Эң башкысы жатар алдында жаңылык көрбөңүз. Себеби жаңылык жагымдуу түш-көрүүгө тоскоолдук берет.
  • Ошондой эле жатар алдында электр-приборлорду өчүрүп жатканыңыз жакшы, өзгөчө компьютер, планшет, телефондоруңузду. Себеби түн жарымда гаджетиңизден чыккан үн нормалдуу, таттуу уйкуга тоскоолдук берет. Телевизор же башка заманбап жабдуулардын күйүп турган көк, кызыл жарыктары тынч, саламат уйкуга алып келбейт.
  • Туура тамактануу жана жатарга үч саат калганда тамактануу зарыл. Себеби аш казаныңыз кыйналат, андан сырткары сиз өзүңүз ыңгайсыздыктан кыйналып жакшы уктай албайсыз. Эң башкысы тамактанып бүткөндөн кийин уктоону адат кылып алсаңыз гастрит жана ичеги инфекциясын пайда кылып алышыңыз мүмкүн.
  • Таза аба. Уктоого арналган бөлмөнү жатар алдында 20 мүнөт желдетсеңиз уйкуңуз бекем болот.
  • Уйкунун сапатына шейшеп, жаздыктын дагы таасири бар. Шейшеп, жаздыктын түсүн индивидуалдуу түрдө тандаш керек.
  • Кофени кээ бир адамдар күнүнө бир кружкадан баштап беш кружкага чейин ичишет. Кофенин өзүнчө пайдасы бар, бирок эрте менен ичсе кана. Уктаарга үч саат калганда кофеин кошулган азык- түлүктөн баш тартыңыз. Алардын ичине: кара чай, кофе, кока- кола, какао, шоколад, энергетикалык суусундуктар кирет.
  • Күнүнө 7-8 сааттан уктоо. Азыркы убакытта өкүнүчтүүсү көпчүлүк жаштар уйку режимин бузуп коюшкан. Интернетте кечки саат эки-үчкө чейин отуруп, эртеси кайра саат жетиге окууга же болбосо ишке жөнөп калышат. Мында режим бузулуп, адам кыжырлуу болуп көп нерсени жактырбай, ишке жарамдуулугу да начар болот.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт