// //

Туулган күн

2018.07.06, 17:41
3758

Телефон шыңгырады. Максат түнкү шаардын көчөлөрүн чаңызгытып, катуу ылдамдыкта бараткан. Жооп бергиси келген жок. Апасы чалыптыр. Бүгүн апасынын туулган күнү. "Туугандардын баарын чакырдым, сен да сөзсүз келгин. Бой жетип деле калдың, алар менен эч катташпайсың" деп айтарын туйду.

"Улуулар менен кафеде отургандын эмнеси кызык, андан көрө теңтуштарым менен клубга барган жакшы. Апамы эртең деле куттуктап жетишем, а бул ди-джей күндө эле Москвадан Бишкекке келип аткан жери жок" деп ойлоп, апасы сатып берген унаасын клубду көздөй бурду.

Эрке-талтаң уулун жалгыз бой өстүргөн Замира, таянар тоосу телефонго жооп бербей койгонуна, алигүнчө куттуктай электигине тымызын ичи тызылдаганын жакындарына билдирбегенге аракет кылып, калп күлүп, көздөн тамган тамчысын байкатпастан сүртүп койду.

Клуб. Туман. Экстазиден магдыраган Максат асманда камгактай каалгып жүрдү. Даңгыр-дүңгүр музыканын ыргагында туулган күндү мындай кой, өзүнүн ким экенин, ток ургандай дирилдеп бийлеген жаштардын арасында эмне кылып жүргөнүн аңдоого чамасы жетпейт эле.

Клубдун эшиги ачылып, буту чалыштап, эки жакка ооп, ыржайган Максат көрүндү. Унаасын ачалбай, эшигинин тешигин таппай, улам ачкычын жерге түшүрүп, ага ийилем деп оңкосунан кетти. Кара жерде асманды чалкалай карап жатып, тамекисин күйгүздү. Бир саам таза абадан дем алып жаткандан кийин рулга отурду.

Ойкуп-кайкыган темир тулпар жол чырактын кызылын көзгө илбестен өтүп кетти. Ичинде музыка жаңырат. Жол боюндагы жарыктар зуулдаган көлүктү узатып, артта калып жатышты.

"Тарс"! Рулга бети жабышкан Максат көзүн ачалган жок. Төбөсүнөн жылжыган кан бет алдын көрсөтпөй турду. Нес болду. Айлана жымжырт, тирүү жан көрүнбөйт. Мал урдубу, жан урдубу, белгисиз. Машина ордунан атырылды. Чыйылдаган дөңгөлөктөн чыккан көк түтүн гана кою түнгө аралашып кала берди.

Апасынын бөлмөсүнө баш бакты, керебети бош турат. Далбастап бети-башын тазалап, кан сарыгып турган көйнөгүн катканча шашты. Болгон окуяны эстегиси келбей, тирүү жандын көзүнө чалдыкпай калганына сүйүнүп, экстазинин таасири тарай электе уйкуга кетти.

Тез жардам кечигиптир. Канга чыланып, сулайып жаткан дене мүрт кеткен экен. Милиционер жансыз аялдын өздүгүн тактаганы паспортун ачып карап, башын чайкап гана тим болду. Туулган күнүңдө жан берген кандай жаман...

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт