// //

Товарды импорттоо боюнча

2018.07.06, 13:28
1904

Бүгүн биз товарды импорттоо тууралуу сөз кылабыз. Тема өзү чоң жана кенен, ошондуктан импорттко байланыштуу жалпы маселелерге токтолобуз. Сиздерге товарды импорттоонун жолдорун жана пайда болуусу мүмкүн болгон көйгөйлөр тууралуу айтып берүүгө аракеттенебиз. Кеттик анда.

Импорт бул

Импорт - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өндүрүлгөн чет өлкөнүн товарларын сатып алуу болуп саналат. Башкача айтканда, импорт биздин ички рынокто сатуу максатында чет жакадан сатып алынган буюмдар. Бул экспорттон толук айырмаланат. Экспорт - Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды, чет өлкөлүк компанияларга сатуу.

Импорттоо учурунда сиз туш боло турчу жана көйгөйү көп негизги документ-мамлекеттик бажы декларациясы. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу кылдат маселе, муну ар бирибиз билишибиз керек. Ошондой эле, бажы декларациясы-жүктү бажы жагынан жол-жоболоштурууга уруксат берген жалгыз документ болуп саналат. Калган учурларда сиздин колуңузда чет өлкөлүк жөнөтүүчүдөн товар тууралуу коштомо кагаздары бар болот (накладная).

Импорттоонун түрлөрү

Эми болсо импорттоонун кандай түрлөрү бар экени тууралуу сүйлөшөлү. Көп учурда өз алдынча импорттоону каалаган ишканалар көп сандагы маселелерге туш болушат. Жыйынтыгында документтердин бир бөлүгүн бүтүрүп бере турган кызматтарды издей башташат. Бирок, импорттоонун документтерин бүтүрүп берген компаниялар кызматтарын бөлүп аткарбайт, алар кызмат көрсөтүүлөрдүн толук топтому менен алектенишет-документтерди алып, өткөрүп бергенге чейинки процесс. Бул учурда, сиз бажы брокерлерине жолугасыз.

Бажы брокерлери - бул бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча кызмат көрсөткөн компаниялар.

Транспорттук компаниялар дагы бар. Алар брокердик кызматтан тышкары товарды сиздин кампаңызга чейин жеткирип берүү кызматын көрсөтүшөт. Өзүм импорттобойм десеңиз, дал ушундай брокер кызматы бар транспорттук компанияга кайрылганыңыз туура. Кызматтын баарын бир жерден ала аласыз. Ошондой эле товарды жөнөткөн чет өлкөлүк ишканага акча которбой койсоңуз дагы болот. Баардык документтерди транспорттук компания түзүп берет, сиз акча гана берип коёсуз. Алар өзүнө тиешелүү комиссия алып, калганын жөнөтүүчүгө өткөрүп, товарды Кыргыз Республикасынын аймагында алып келип берет.

Бажы биримдиги

Бул биримдик тууралуу толук маалымат алуу үчүн биримдиктин бажы кодексин окуп чыгыңыз. Максаты – бирдиктүү документтерди каттоо методикасы, ченемдери, бирдиктүү бажы тарифи, товарларды сатууну жөнгө салуунун башка бирдиктүү чаралары болгон бирдиктүү аймакты түзүү.

Бажы биримдигиндеги мамлекеттерден импорттоо өзгөчөлүктөрү:

  • Бажы биримдигинин курамы- Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия.
  • Демпингге каршы чараларды кошпогондо, бажы алымдары алынбайт жана бажы мүнөзүндөгү чектөөлөр колдонулбайт. Эгерде сиз биримдикке кирген мамлекеттерден товарды импорттосоңуз, анда албетте алар төмөн алымдарга ээ болушат. Кээде алымдын, каттоонун кереги дагы жок болуп калышы мүмкүн.

Импорттоо процесси

  1. Биринчи кезекте - бул товар алуу. Акча сатып аласыз, валютаны жөнөтүүчүгө которосуз, баары жакшы болсо, ал товарды жүктөп, жөнөтүүнү баштайт. Алар менен келишим түзүп, кол коюшуңуз керек. (юристтин көзөмөлүндө)
  2. Андан кийин товарды чек арага транспорттоо башталат. Транспорттоого дагы чет өлкөнүн валютасы менен жөнөтүүчүгө же чет өлкөлүк компанияга акы төлөнөт. Көпчүлүк учурда товарды  бажы пунктуна чейин чет элдик компаниялар жеткирет. Андан кийин, унаа чек арага келгенде жол-жоболоштуруу тартиби башталат.
  3. Бажы кызматына документтерди көрсөтүп, бажы алымдарын жана КНСти (кошумча нарк салыгы) төлөө керек. Мунун баарын бажы декларациясы менен биргеликте же  бажы декларациясын тапшырганга чейин эле алдын ала төлөөгө мүмкүн. Интернет аркылуу кандай документтер керек экенин билип, даярдап алыңыз.

Бажы декларациясы бажы органына катталган эмес болсо, товарыңызды ала албайсыз. Каттоодон өткөндөн кийин гана сизде эч бир көйгөй болбойт.

4. Товарды аласыз.

5. Кампаңызга түшүрүп, сата баштайсыз

Бажы алымдарынын жана КНСти документ бергенге чейин же тапшырып жаткан учурда төлөңүз. Болбосо, товардын бажы кызматында токтоп калуусу-жүктөрдү сактоо кызматы болуп саналат. Башкача айтканда, сизде бажы жагын жол-жоболоштуруу үчүн бир нече күн бар. Товарга эч бир документтер көрсөтүлбөсө, жүк жок кылынат.

Сиздерге керектүү маалымат болду деп терең ишенебиз. Кийинки чыгарылышта интернет аркылуу импортту кепилдиги менен кантип арзан жана тез аралыкта ишке ашырса болоорун айтып беребиз. Көрүшкөнчө!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт