Төкмө акын болуш үчүн эмне кылышым керек?
2019.01.16, 15:48
1031
Саламатсызбы bilesinbi.kg долбоору. Мен келечекте төкмө акын болгум келет. Ал үчүн кантип такшалып өзүмдү даярдашым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.01.2019, 15:52
Аалы Туткучев
Төкмө акын
Булакты көрсөң көзүн ач,
Акынды көрсөң сөзүн ач, - деген жакшы сөз бар. Биз ар дайым жаштарга колдоо көрсөтүүгө даярбыз.
Андан тышкары Жеңижок, Токтогул аталарыбыздын чыгармаларын көп оку деп кеңеш берем. Аларды окуп жатканда үнүңду катуу чыгарып, так, даана окуганга аракет кыл. Ошону менен дикцияң оңолот, үнүң бир калыпка келет, тил такшалат, уйкаштык кулакка сиңип, ритмдер, ыргак өзүнөн өзү келе баштайт. Андан тышкары интернеттеги башка акындардын айтышын көбүрөөк ук. Алардын айтышуу ыкмасына, стилине, сөз байлыгына көңүл бур.
Өнөрүң өркүндөй берсин!
0
Пайдалуу жооп