// //

Жолдошум жыныстык катнашка барууга мажбурлайт. Эмне кылам?

2019.01.16, 09:32
1334

Жолдошум жыныстык катнашка барууга мажбурлайт. Эки тараптын тең макулдугу керек экенин кантип түшүндүрөм? Эгер түшүнбөсө эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.01.2019, 09:37

Гүлбарчын Жумабаева

Эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинде Жыныстык айырмачылыгы боюнча эч ким басмырлоого кабылбашы керек деп жазылган. Сиз төрөлгөндөн баштап, эркектер менен катар бирдей укукка, эркиндикке жана кадыр баркка ээ  болуп саналасыз. Мейли, ал күйөөңүз болсун, же жигитиңиз болсун, жыныстык мамилеге мажбурлоо мыйзамда зордуктоо болуп саналат.

Сиздин дене боюңуз бир гана сизге тиешелүү. Эч ким күч колдонуп, эркиңизге каршы, жыныстык катнашка барууга мажбурлоого акысы жок. Бул иш кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси боюнча "Зордуктоо" болуп саналат. Демек, күч колдоно баштаганда милицияга арыз жазам деп ачык айтыңыз. 

Ар бир аял эң биринчи өзүн сыйлаганды билиши керек. Ошондон кийин гана аны айланасындагылар сыйлап баштайт. 

Суроону ачык бергениңиз үчүн чоң рахмат!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт