Акчаңды алдап бербей койсо эмне кылыш керек?
Байкем таксист. Чоочун балдарды Бишкектен Кара-Колго жеткиргенде, акчасын бербей кетип калышыптыр. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, байкеңиздин маселесин жарандык жана кылмыш-жаза кодексинин негизинде чечүүгө болот.
Жарандык тартипте, карызды өндүрүү жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылуу керек.
Ал эми, кылмыш-жаза кодексинин негизинде Кара-Кол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылыңыз.
Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинде "Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү", "Алдамчылык жана бейбаштык" деген беренелер бар. Байкеңиздин окуясын кылдаттык менен изилдеп ушул беренелердин бири менен алдаган инсандарды жоопкерчиликке тартса болот.