// //

Кош бойлуу кезде укол алса эмне болот?

2019.01.04, 11:48
4620

Саламатсызбы! Менин 5 айлык боюмда бар. Белим аябай катуу оорутканынан чыдабай, диклофенак деген укол алып алдым эле. Дарыгерлер грыжа бар дешкен. Курсактагы балама зыяны тийбейби, эч кандай коркунучу жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.01.2019, 11:55

Гүлзина Мадраимова

Акушер - гинеколог

Саламатсыңбы! Кош бойлуулук өзү эле омурткага оорлук кылат, грыжаң да бар экен. Андыктан оор жумуш кылып, оор жүк көтөрүп, одоно кыймыл -  аракет жасаба. Өзүңдү абдан абайлап жүр. Ар бир даарыны сени көзөмөлдөгөн гинеколог менен кеңешип ал. Уколдун ордуна, ошол эле даарыны мазь түрүндө колдонсоң жакшы болмок. Азыр кош бойлуулугуң 20 жума болсо, УЗИ скрининг өтүү мөөнөтү келиптир. Өтүп, баланын абалын билип алсаң болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт