Манас университетине кантип тапшырам?
Саламатсызбы! Мен Манас университетине тапшырайын дегем. Экзамендер кандай болот? Кайсы сабактан даярдансам болот? Рахмат!
Кыргыз - Түрк "Манас" университети, студент тандоо жана жайгаштыруу бөлүмү
Саламатсызбы! Сынакта төмөнкү сабактар боюнча суроолор келет. Демек, ушул сабактарга даярданасыз.
Сабактар |
Суроонун саны |
Табигый-так илимдер |
60 |
Биология |
12 |
Химия |
12 |
Физика |
12 |
Математика |
24 |
Гуманитардык илимдер |
60 |
География |
12 |
Тарых |
12 |
Тил (кыргыз тили же орус тили) |
20 |
Адабият (кыргыз адабияты же орус адабияты) |
12 |
Логикалык суроолор |
4 |
Бардыгы |
120 |
Англис тили жана адабияты, Эл аралык мамилелер, Кыргызча- англисче котормочулук бөлүмүн тандаган абитуриенттер үчүн |
|
Англис тили |
60 |
Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер
Катталуу үчүн төмөнкү документтер каттоо комиссиясына тапшырылышы керек:
Орто мектепти же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- Аттестат жана аттестатын көчүрмөсү;
- Паспорт жана паспорттун көчүрмөсү;
- Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн (ЖРТ 110 баллдан жогору алгандар гана каттала алышат) сертификаты жана анын көчүрмөсү;
- Акыркы үч ай ичинде түшкөн 2 даана фотосүрөт (3х4 өлчөмүндө);
- Каттоо акысы катары жалпы сынакка кирүүчү абитуриенттерден 300 сом, чет тил сынагына кире турган абитуриенттерден кошумча 300 сом алынат.
Документтер кантип тапшырылат?