// //

Безеткиден калган тактар кетеби?

2018.12.28, 09:08
2124

Саламатсызбы! Бетимде безеткиден калган тактар көп, майлуу дагы. Кандай кам көрсөм болот? Рахмат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.12.2018, 09:16

Надира Бейшеева

Косметолог

Окурман, майлуу бет дайыма өзүнө мыкты кам көрүүнү талап кылат. Мындай беттерге кам көрүүдө майлуу эмес бетке сүйкогөндо жагымдуу кремдерди, тазалоочу каражаттарды колдонуш керек. Майлуу бетти жакшыртуу үчүн бет майланышып сизге ыңгайсыздык жаратканда улам нымдуу салфетка менен тазалап, кургактап туруу кажет. Мындан тышкары майлуу бетке арналган маскаларды колдонсо болот.

Беттин майлуулугунан бетке тактар көп түшүп, ар кандай безеткилер чыгып, бет бузулуп, майланышып, чаңдарды жыйнайт. Анан сиз айткан тактар да көбөйөт. 

Такты кетирүү үчүн диета кармаңыз, майлуу, ачуу, таттуу, куурулган тамактардан алысыраак болуңуз. Анан албетте териге туура кам көргөндү үйрөнүңүз (атайын косметикалык каражаттар менен). Тактардан арылуу үчүн косметологдорго кайрылганыңыз туура болот. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт