Кыргызстанда IT тармагынын келечеги барбы?
IT тармагы жөнүндө айтып бериңизчи. Кыргызстанда IT тармагынын келечеги барбы? Алдын ала рахмат!
Чыңгыз Монокбаев
Скай Мобайлдын санариптик продуктуларды өнүктүрүү боюнча менеджери
Окурман, IT тармагы бир жерге байланбаган тармак болгондуктан Кыргызстанда да өнүгүп келе жатат.
IT боюнча элдин кабары аз. Канчалык кызыктуу жана кирешелүү экендигин билгенде көптөгөн жаштар программист болууну каалашмак.
Миңдеген жаштарыбыз Орусияга барып оор, социалдык статусу төмөн жумуштарды аткарып, нан табып жүрүшөт. Ал эми IT тармагы менен алектенсе Кыргызстандан эле, Орусиядан тапкан акчаны же андан көбүрөөк тапса болот.
Кыргызстанда жылдан-жылга IT компаниялардын саны көбөйүп, адистердин сапаты жогорулап, мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошоорубузга ишенем. Эгер сен бул тармакка кызыксаң токтолбой аракет кыл. Ийгилик!