Апам мени такыр түшүнбөйт
21 жаштамын. Апам бар, атамды көргөн эмесмин. Апам кийин кайра турмушка чыккан. Өгөй атам менен мамилем жакшы. Ал эми апам мени такыр түшүнбөйт. Айткан сөзүмө маани бербейт. Бир нерсе деп сүйлөсөм эле урушат. Кечке тилдейт. Москвага же Түркияга кетип калсамбы деп ойлоном. Бул оюмду апама айтсам, "өзүң бил" деп койду. Кандай кылсам? Туура чечим кабыл алууга жардам берип койгулачы?
Карлыгаш Акимкулова, "psihoanaliz.kg" психотерапия борборунун психотерапевти
Сиздин сурооңуздун көп жерлери түшүнүксүз экен. Мурун апаңыз менен мамилеңиз кандай эле? Ар дайым эле ушундай мамиле кылчу беле? Же акыркы күндөрү бири-бириңерди түшүнүшпөй калдыңарбы? Балким, апаңыз сиздин чоңойгонуңузду көрүп, өз алдынчалыка үйрөтүп жаткандыр. Ошон үчүн сизге койгон талаптары көбөйсө керек. Өз алдынча жашап, чет мамлекетке чыгып кетүүңөргө каршы болбогону да ошондон. Анын үстүнө үйдө эркек киши бар экен. Анын сизге мамилеси жакшы болгону менен ал сиз үчүн бөлөк киши.
Апаңыз менен ачык сүйлөшүп, өзүңөрдүн көйгөйлөрүңөр, санааларыңар менен бөлүшкүлө. Ал сизди түшүнөт деген ойдомун. Апаңыз сизге жакшылык каалайт, болгону өз алдынча чечим кабыл алып, өзүңүз үчүн жоопкерчиликтүү болушуңузду күтүп жатат.