// //

Мектептен бала 15 жаштагы кызды уят кылып, бюстгальтерин чечип салды. Ошондо...

2018.06.27, 14:43
12653

Мектепте болуп жаткан жагдайларга ким жооптуу болушу керек? Ата-энелерби же мугалим менен директорбу? Балдарыңызга жыныстык асылуу эмне экенин жана алардын кантип коргонуу керектигин айтып бересизби?

Бул окуя, балдарыңызга туура жүрүм-турум жана жөнөкөй нерселер жөнүндө түшүнүк берсеңиз, келечекте жагымсыз жагдайлардан аны менен өзүмдү коргой ала турганыңызды көрсөтүп турат.

Бала классташ кызын дайыма жүдөтөөр эле.  Бир күнү  класста олтурганда  кыздын бюстгальтерин чечип жиберди, кыз коргонуу максатында баланы эки ирет жаакка чапты.

Мектеп  жетекчилиги экөөнүн ата-энесине чалды. Окуя  жаңы нукка бурулду.

Кыздын энеси жумушта болчу. Медайым болуп иштечү, нөөмөтү эки сааттан кийин бүтмөк. Телефонун чечинүүчү жайга калтырып койгондуктан, чалууну уккан жок. Мектеп жетекчилиги оорукананын өзүнө байланышка чыкты.

Аял жооп бергенде, кызы баланы бетке чаап жибергенин, окуя абдан олуттуу экенин айтып, мектепке келүүсүн буйрук беришти. Толук түшүндүрбөй, телефонду коюп коюшту.

Апасы мектепке бир сааттан кийин келди. Директор аны "Сизди көпкө күттүк!" деген сөздөр менен тосуп алды. Бөлмөдө директордон тышкары класс жетекчи, баланын ата-энеси жана  бети канаган баланын өзү бар эле.

Кыздын энеси мындай деди:

- Кечиресиз, жумушум абдан көп эле. Акыркы 40 мүнөт энеси депкир менен  урган 7 жаштагы баланын башын тиктим. Андан кийин милицияга көрсөтмө бердим.

Бул сөздөрдөн кийин директор уялып, сөздү окуяга бөлдү.

- Бул бала кызыңыздын бюстгальтерин тартып койсо, кызыңыз эки жолу бетине чаап, канатып салыптыр,-деди.

Аялга директор кызын күнөөлөп жаткандай туюлду. Ошондо ал мындай деди:

- Баары түшүнүктүү! Сиздерге, менин кызыма жыныстык асылууга жол берилгени үчүн баланын ата-энесине жана мектепке айыптоо коюп, укук коргоо органдарына кайрыла турганым кызык болуп жатабы?

Эч ким аялдан мындай жоопту күткөн эмес эле. Отургандар толкундана түштү. Мугалими мындай деди:

- Бул олуттуу окуя эмес! Кырсык болгон жок, сабырдуу бололу.

Директор: "Силер жагдайды түшүнгөн жоксуңар".

Баланын энеси ыйлап кирди, аял кызы менен сүйлөшө баштады.

Кыз "Ал менин бюстгальтеримди тартты. Мен мугалимге даттандым, бирок ал  маани бербей эле коюшумду айтты. Качан гана бала бюстгальтеримди чечип салганда, мен аны бетке чаптым",-деди.

Энеси кызынын сөздөрүн укканда, мугалимден эмне үчүн ал бирөөгө экинчисин таарынтууга уруксат берип, эч кандай чара көрбөгөнүн сурады.

Кыздын энеси:

- Сиздин шымыңыздын алдына колумду тийгизүүгө уруксат бериңиз? – деп  мугалимге кайрылды.

- Жок! Сиз акылыңыздан адаштыңызбы! – деди мугалим.

Ошондо кыздын апасы мугалимге  баланын энесинин бюстгальтерин тартуусун сунуш кылды.

Директор: "Сиздин кызыңыз классташ баласын уруп салыптыр!"

- Жок! – деп айтты кыздын апасы. - Кызым жыныстык асылуудан өзүн коргоду. Милдеттүү болгон мугалими коргобосо, кызым канча жолу бул балага өзүнүн денесине колун тийгизүүгө уруксат бериши керек эле. Караңыздар, менин кызымдын бою 168 см, ал эми бул жигит дээрлик 2 метр. Ал кызымдан эки эсе бийик жана күчтүү."

Баланын энеси ыйлап жиберди, ал эми атасы кызарып кетти.

- Сиз жана мугалимдериңиз өздөрүнө мындай аракетти жасоого уруксат берген жок, анда эмне үчүн бул жигитке жол берилет? Мен бул окуя тууралуу жетекчиликке билдирем. Ал эми сен...- балага бурулуп - дагы бир жолу кызыма кол тийгизсең, мен сени сексуалдык асылуу үчүн каматам. Түшүндүңбү?

Аял маселени жөн койбоду. Жетекчилик менен байланышты. Ал жактын кызматкерлери мугалим менен директордун иш-аракеттерине таң калып, иликтөө жүргүзүүгө убада кылышты.

Мындай жагдайларда ар дайым балаңыз тарапта болуңуз. Эч качан унчукпай койбоңуз. Балдарыңыздарды коргоңуздар!

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт