// //

Кош бойлуумун, балам өтө жай кыймылдайт

2018.11.27, 13:00
1277

8 айлык боюмда бар. Балам кээде гана өтө жай кыймылдайт. Бир жарым жаштагы кызым бар. Ал ушул убакка чейин эмчек эмет. Ичимдеги балага зыяны жокпу? УЗИге текшерилсем “баары жакшы” деп жатат. Үч ирет текшерилдим, дагы бир жолу текшерилсем зыян эмеспи? Боюнда барда эмизе берсе эч нерсе болбойт дегенинен эмизе бергем. Эми эмне кылам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.11.2018, 13:10

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Айым, дениң сак болсо, тамакты түрлөп, витаминдерди убагында ичип жүрсөң эмизе бер.

Бирок, эсиңде болсун төрөөргө жакын сүт азайып, ууз пайда болот. Андыктан төрөткө 2-3 жума калганда баланы өзүңдөн алыстатып, аздан эмизип, кошумча тамак бер. Эмчектеги кызды көз жарганда дароо 3-4 күн эмизбей койсоң бала стресске кабылышы мүмкүн.

УЗИ менен доплерге түшкөндө патология жок болсо, баланын кыймылдоосу чоң мөөнөттө жайлап калат. Дагы бир ирет гинекологго кайрылып жүрөгүнүн согушун текшертип койсоң болот. 

Төрөгөндөн кийин эки баланы бирдей эмизип, эгиздердей багып аласың. Ден-соолукта бол! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт