Варикоцеле деген кандай оору?
2018.10.30, 10:27
5796
Саламатсызбы! Варикоцеле деген кандай оору, сөзсүз операция жасатыш керекпи, кимге кайрылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.10.2018, 10:32
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог, сексолог
Варикоцеле - эркек жумурткаларынын кан тамырларынын кеңейип кетиши. 14 жаштан башталат.
Себептери абдан көп, бөйрөккө суук тийгенде, кисталар, шишиктер пайда болгондо жаралат. Варикоцелдин үч баскычы болот.
- Сыртынан караганда байкалбайт.
- Эрекция учурунда гана билинет.
- Жөн турганда да, эрекция учурунда да билинет.
Айрым учурларда кан туруп калгандай болуп уюп ыңгайсыздык жаратат. Бул ооруну өз алдынча аныктоо мүмкүн эмес, себеби симптомдору жок өтөт. Варикоцелден операция жолу менен гана арылууга болот. Убагында дарылабаса тукумсуздукка алып келет.
Тезинен урологго кайрылыңыз!
0
Пайдалуу жооп