Ипотеканы кантип алсак болот?
Жолдошум экөөбүздүн бизнесибиз бар. Бирок каттоодон өткөн эмес. Беш же он жылга ипотекага батир алсакпы дегенбиз. Кайда кайрылабыз?
Мамлекеттик Ипотекалык Компания
Урматтуу окурман, ипотеканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак-жай – 2015-2020” программасынын алкагында түзүлгөн “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунан алсаңыз болот.
Ипотекалык насыя алган учурда курагы 21 жаштан жогору жана акыркы суммасын төлөгөндө жашы 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары программанын катышуучусу боло алышат.
Кененирээк маалыматты 0312 610 661, 0312 610 681, 0559 555 215, 0770 712 100, 0550 121 165, 0772 576 050 , 0555 843 988, 0772 549 790 байланыш номурлары аркылуу алыңыз.
Биздин сайт: http://gik.kg/ky/contacts/