// //

"Турмушка чык" деген сөздөн тажадым

2018.10.25, 13:14
1506

25 жаштамын. Үйдө жалгыз кызмын. Ата - энем менен турам. Апамдын "турмушка чык" деген сөздөрүнөн тажап кеттим. “Ылайыктуу жигит болсо чыгам. Маңдайга жазганын көрөм да” десем, түшүнгөн адам болуп туруп эле кайрадан баштайт. Менин акыбалымды ойлоп койбойт. Атам болсо кадыр-барктуу жерде иштешимди каалайт. Ар дайым алардын айтканын кылам. Жадакалса кийимди да өздөрү алып беришет. Эмне кылышты билбей калдым. Бир жакка кетким келип жүрөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.10.2018, 13:52

Бермет Уланова 

Гештальт-консультант

Урматтуу айым, ата-энеңиз жаман оюу менен мындай мамиле кылбаса керек. Балким, сизге болгон сүйүүсүн ушундай жол менен билдирүүгө көнүп калышкан. Өз алдынча чечим чыгара алаарыңызды түшүндүрүңүз. Бул процесс оңой болбойт жана бат өтпөйт. 

Ортодогу мамилеңер көнүмүш адат болуп калгандыктан, өзүнчө бөлүнүп кетүү каалооңузду туура кабыл алышабы же жокпу күмөн. Оюңузду ачык айтканда уруш-талаш, таарыныч болот. Даяр туруңуз, ачууга алдырбаңыз.

“Кийимди да тандап беришет” деп жатасыз, алгачкы кадам катары өзүңүзгө жаккан көйнөктү сатып алыңыз. Ата-энеңиз, туугандарыңыз же тааныштарыңыз кандайдыр бир сунуш айтса ойлонуңуз. Жыйынтыгында өзүңүз чечим чыгарыңыз.

Апаңыз бакытын таап кетсе экен деп, турмушка чыгуу темасын козгоп жатса керек. Турмуш куруу жоопту кадам, шашып же бирөөнүн каалоосу менен бул жолго баруу туура эмес. Бактылуу болуу үчүн болочок жарды жакындан таанып билүү кажет. Алгач ата-энеңиз менен маселени чечип алыңыз. Болбосо, үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөр жолдошуңуз менен болгон мамилеге дагы таасирин тийгизет. Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт