Гезитке интервью берсем, бурмалап салышыптыр
Саламатсызбы! Гезитке ишкер катары интервью бердим эле. Айрым жерлерин бурмалап коюшуптур. Эмне кылсам болот?
Асель Сооронбаева
ММК үстүнөн арыздарды кароочу Комиссиянын PR менеджери
Эгерде массалык маалымат каражаттарына же журналистке дооматыңыз болсо, алардын үстүнөн арыздарды караган Комиссияга кайрылсаңыз болот. Комиссиянын иши акысыз жана соттордон айырмаланып, узак убакта эмес, бир нече жумада каралат. Комиссия коомдук уюмдун мүчөлөрүнөн жана тажрыйбалуу журналисттерден турат. Алардын чечими Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексининин негизинде чыгарылат.
Комиссияга арыз калтыруу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз:http://medialaw.kg/samoregulirovaniya-smi/zhaloby-i-resheniya/ же Facebook https://www.facebook.com/mediacommissionKG/ жана Twitter https://twitter.com/mediacomKG баракчаларындагы расмий баракчаларга жеке билдирүү жөнөтүңүз