// //

Суукта кыймылдай албай калам

2018.10.23, 11:50
622

Cол тарабым сайышып, талып ооруй берет. Көбүнчө суук түшкөндө кармайт. Бир жыл болуп калды. Нервденби же жүрөктөнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.10.2018, 11:53

Асель Сыдыкбекова

Терапевт

Урматтуу окурман, тактап жазбапсыз. Менде бир топ суроо пайда болду. Сол тарап дегенде төшүңүзбү же ичиңизби? Дагы кандай учурларда пайда болот? Басып бараткандабы же оор көтөргөндөбү? Бат эле өтүп кетеби же бир нече саатка созулабы?

Сизди көрбөй туруп бир нерсе деп кеңеш бере албайм. Нерв же жүрөк оорусу болушу мүмкүн. Так диагноз коюш үчүн кармап, тыңшап, кан басымды ченеп көрүү керек. Ооруканага тезинен кайрылыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт