Жипсиз жетелеген интернет

Кундуз Оморовапсихолог

Барган сайын интернетке көз карандылык балдар арасында гана эмес чоңдордо да күч алып, жугуштуу оорудай эле каптады. Ал эми балдар арасында мурдагыдан да күчөп, интернет өтө жеткиликтүү болуп көз карандылык дагы өөрчүдү. Бул тууралуу өспүрүмдөр психологу Кундуз Оморова эмнелерди айтат.

  • Интернет оорусуна кимдер чалдыгат?

Психикалык интернет көз карандылык дартына, бош, убактысы көп, кызыгуусу жок, ата-эненин көңүл буруусу жетишпеген жана сүйүүгө, камкордукка муктаж өспүрүмдөр чалдыгат. Көйгөйлөрдөн жана жалгыздыктан качуу үчүн интернет менен достошот.

  • Интернетке көз каранды болуп калганын кантип байкаса болот?

Өспүрүмдүн жүрүм-турумунда, кыймыл аракетинде өзгөрүүлөр байкалат. Айлана чөйрөсүнөн алыстап, виртуалдык жашоого сүңгүп кирип, агрессивдүү болуп калат. Өзүн көзөмөлдөй албай, кызыкчылыктарынын ордун интернет ээлейт. Баалуулуктары өзгөрүп, ата-энеси, бир туугандары жана жоро-жолдоштору менен болгон мамилеси үзүлөт.

  • Интернетке көз каранды адам өз дартын моюунуна алабы?

Өспүрүмдөр көз карандылык дартын моюунуна албайт. Айрымдары ата-энесинин айтуусу менен көп убактысын интернетте өткөрүп жатканын сезиши мүмкүн. Бирок мен ооруп жатам деп эч качан ойлошпойт.

  • Ата-эненин ролу туралуу дагы айта кетсеңиз.

Өспүрүмдүн интернетке көз каранды болушунда ата-эненин ролу чоң. Үйдөгү маанай, ата-эне менен баланын ортосунда баарлашуу жакшы болсо, өспүрүм убактысын туура өткөрөт. Ал эми балага дайыма сындар айтылса, чектөөлөр көп коюлса жакындарынан качат.

Өспүрүмдөр сынды терс кабыл алышат. Аларды эч качан сындоого болбойт. Ата-энелердин көбү балдарынан тажап кеткенде, өзүнчө ойноп турсун деп телефонун берип же болбосо компьютер менен жалгыз калтырып коюшат. Бул туура эмес. Атайын программаларды орнотуп, тыюу салган учурда кызыккан бала баары бир бир жолун таап алат. Андан көрө кооптуу сайттар, оюндар тууралуу, мисал менен маалымат берип, “сен кандай ойлойсуң” деп оюун билүү пайдалуу.

  • Интернетти кантип туура пайдалануу керек?

Баардык нерсени чеги менен пайдаланса, зыяны тийбейт. Интернетти колдонбой, замандан артта калып калуу дагы болбойт.

Өспүрүм үчүн күнүнө 3 саат интернетте олтуруу жетиштүү. Эртең менен 10 мүнөт, кечинде 30 мүнөт сыяктуу кылып бөлүп алуу керек.

  • Интернетке болгон көз карандылыктан кантип өз алдынча арылса болот?

Өспүрүм интернетке көз каранды болуп калганын өзү сезсе, ал дартынан бат жана өз алдынча айыга алат. Эгер адам өз дартын мойнуна албаса, аны дарыгерлерге, психиатрларга алып барганы менен пайда жок, дарылоо кыйынга турат. Баары адамдын өзүнөн көз каранды. Төмөнкү эрежелерди аткаруу менен андан арылууга болот.

  • Колдонуу убактысын чектеп алыңыз. Мисалы он мүнөткө кирем десеңиз он мүнөт колдонуңуз.
  • Кызыгууларыңыз менен алектениңиз. Ийримдерге барыңыз, спорт менен машыгыңыз.
  • Активдүү жашоого кайтып келүү үчүн, китеп окуңуз, жаңы хоббилерди ойлоп табыңыз.
  • Досторуңуз, үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт