Бөйрөгүмдүн оорусу ойлондурат
2018.10.22, 12:57
1103
20 жаштамын. Бөйрөгүм ооруп УЗИге текшерилсем жыйынтыгы “левосторонний пиелонефрит” деп чыкты. Бул оорудан толугу менен айыгып кетемби же жыл сайын дарыланып турамбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.10.2018, 13:01
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Окурман, ооруга себеп болбосо кайрадан козголбошу мүмкүн. Эгерде бөйрөктүн айланасы ооруп, заара чыгарууда кандайдыр бир көйгөйлөр болсо УЗИге түшүп, урологго текшерилүү абзел. Профилактика үчүн бир жылда бир жолу заара тапшырып, УЗИге түшүп туруңуз. Алдын алуу максатында бөйрөк үчүн арналган чөп чайларды дарыгердин сунушу менен колдонсоңуз болот. Ден-соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп