Тартынчаактык сапатым жашоомо тоскоолдук кылат
Тартынчаактык мүнөзүмдү жеңе албай келем. Көпчүлүктү бери кой, жадакалса бир адам менен сүйлөшө албайм. Оюмду ачык, толук жеткиргим келет. Бул адаттан кантип арылам?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Урматтуу окурман, адам ар кандай себептерден улам тартынчаак болуп калышы мүмкүн. Айрымдары табиятынан же чөйрөсүнөн, башкалары ата-энесинин айынан. Алсак, жакшы тарбия берем деп аракет кылат, бирок, майда-чүйдө нерсе болсо эле кагып, урушуп, коркута берип баланы түнт кылып салышат.
Эстеп көрүңүзчү, качантан бери тартынчааксыз? Бала кезденби же өспүрүм курактабы? Адамдар менен баарлашып жатканда эмнеден уяласыз? Туура эмес сөз айтып алам деп коркосузбу? Бул сапаттан арылгыңыз келсе себептерин билүү керек.
Ойлонсоңуз, адамдар менен ачык сүйлөшсөңүз эмне өзгөрөт? Ал киши сиз тууралуу жаман ойдо калабы же бир нерсе деп айтабы? Жашооңузга кандай таасир тийгизет?
Биринчиден ушул суроолорго жооп берүүнү сунуштайм. Андан кийин сүйлөй албаган адамыңыз менен ачык маектешип, башкалар менен таанышууга аракет кылып көрүңүз. Жыйынтыгын редакцияга жазсаңыз, мен жооп берем.
Тартынчаактыкты жеңип чыгуу үчүн аракет жана убакыт керек. Ошондой эле, ар бир адам белгилүү бир учурларда уялат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ийгилик!