Сүйгөнүм менден баш тартты, себеби...
Сүйлөшкөн кызым менен урушуп кеттим. Себеби аны көп кызганып, эзип жиберем. Ал мага бир жума сүйлөшпөй турууну сунуштады. Бул психологдордун ыкмасы экенин айтат. Каршы болсом, көгөрүп туруп алды. Биз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Эгер бир жума сүйлөшпөй койсок, кыздын көңүлү калып калбайбы? Эмне кылсам болот?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Окурман, сүйлөшкөн кызыңызды эмне себептен кызганасыз? Далил болсо кеп башкада, себепсиз кызгануунун кереги жок.
Биринчиден, кызыңыздан эмне үчүн мындай кадамга баргандыгын сураңыз. Экинчиден, менде сизге бир топ суроо бар: кызгануу реалдуубу же жөн гана шек санообу? Кимден жана эмне үчүн кызганасыз? Кызганыч мамилени сактап калабы? Бул сизди таштап кеткенге себеп болбойбу?
Мүмкүн, буга чейинки мамилеңиз ийгиликсиз аяктап, кызганчаак болуп калгансыз. Мүмкүн, өзүңүзгө толук ишенбейсиз, кызганыч аркылуу сүйүүңүздү далилдегиңиз келет. Кандай ойлосуз, бир жумалык тыныгуудан чыныгы сүйүү жок болуп кетеби?
Мамиле ишеним менен курулат. Жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга жолугасыз. Ортодо ишенүү, түшүнүү болбосо, алардан өтүү кыйынга турат. Сизге ийгилик каалайм!