Жигитин жок кылып, сүйүктүүмдү тартып алсамбы?
Сүйгөнүм менен урушканыбызга сегиз ай болду. Бул убакыттын ичинде башка жигиттен колуна шакек тагып алыптыр. Эмне кылсам болот? Жигитин жок кылып, сүйүктүүмдү тартып алайынбы?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Урматтуу окурман, сегиз ай мурун сүйлөшкөн кызыңыз менен урушуп кетиптирсиз. Бирок, дагы деле ал кызды өзүңүздүн теңиңиз катары эсептейсиз. Билесизби, бир нерсеге жетүүгө, жашоону өзгөртүүгө сегиз айлык мөөнөт жетиштүү. Ал башка баладан колуна шакек такса, жаңы жашоо баштоо чечимин кабыл алгандыр.
"Жигитин жок кылып, сүйүктүүмдү тартып алсамбы?" дегениңиз эмнени билдирет? Ал баланы жок кылып, тартып алгыдай кыз буюм эмес да. Жигити бар экенин кайдан билдиңиз?
Ичиңиздеги ойду ал кыз менен бөлүшүүнү сунуштайм. Жаңы мамилеси тууралуу сураңыз. Чындап эле жигити бар, жогун аныктаңыз.
Эгер бул сүйлөшүүлөрдөн кийин бирге болуу чечмин кабыл алсаңыз, өзүңүздүн жана мамиленин үстүнөн иштөөнү токтотпоону сунуштайм. Бул узакка болгон ажырашуу сизге сабак болушу керек. Мындан кийин маселе жаралса убакытты созбой көйгөйдү чечүүнү өздөштүрүңүз. Ийгилик!