Апамды сагынып ыйлай берем
Ата-энем айылда. Шаарга жаңы эле келдим. Эмнегедир апамды сагынып, кечке ыйлап жатам. Алар жакында Москвага кетишет, ошондо сагынбай каламбы билбейм. Эч кимим жоктой өзүмдү жалгыз сезем. Бир тууган эжем өзүнүн окуусу менен мага көңүл бурбайт. Эмне кылсам болот?
Бермет Уланова
Гештальт-консультант
Окурман, албетте тааныш эмес шаарда өз ата-энеңизди сагынып куса болосуз. Бул качып кете алгыс чоңдордун жашоосунун бир бөлүгү. Сиз бойго жеттиңиз. Өз алдынча жашоого, билим алууга убакыт келди.
Эжеңиз окуусу менен алек болуп, сизге көңүл бурбаганын жазып жатасыз. Өзүңүзгө суроо берип көрүңүзчү, эмнеге ал сизге убактысын бөлүп, сиз менен бирге болушу керек? Кичинекей баласызбы? Анын дагы өзүнүн маанилүү иштери бар экенин унутпаңыз. Тайпалаштарыңыз менен жакындан таанышып, дос күтүүгө аракет жасаңыз. Мындан тышкары Бишкек шаарында көптөгөн бекер окутуучу курстар бар. Өзүңүзгө кызыктуу курска барыңыз. Убакытыңызды изденүүгө, билимге, таанышууга жумшасаңыз, жалгыз сыроого, куса болууга орун жок болот.
Сагынуу ата-эне менен баланын ортосундагы өзгөчө мамиле. Аларды жакшы көрөөрүңүздү, сагынычыңызды тез-тез чалып, жазып билдирип туруңуз. Эмоцияны ичке сактоого болбойт. Ийгилик каалайм!