// //

Контрактын чегин жоготуп алдым

2018.10.14, 11:15
839

Бишкек гуманитардык университетинин колледжин быйыл аяктадым. 3-курстан баштап банкка акча төлөп баштаганбыз. Окуу жайыбызга банкомат коюлуп, ошондон төлөгөм.

Бирок чекти белгилүү бир себептер менен жоготуп алгам. Дипломумду алайын десем “контракты төлөбөптүрсүң” дешти. Толук төлөгөнүмдү кантип далилдейм?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.10.2018, 11:24

Байгазы Бегишов

Юрист

Саламатсызбы! Окуу жайда кайсыл банктын банкоматы турса, ошол банкка барып арыз жазсаңыз, сиздин төлөмдөрүңүз жөнүндө реквизит чыгарып берет. Ал реквизитти окуу жайдын бухгалтериясына тапшырасыз. Өзүңүзгө көчүрмө (копия) чыгарып алууну унутпаңыз.

 

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
14.10.2018, 11:25

ААК "Айыл банк":

Окурман, адам үй сатып алганда ага кандайдыр бир дарек ыйгарылат: көчөнүн аты, үйдүн номери. Достору жана туугандары конокко келе турган болсо, дареги боюнча бат эле таап барышат. Анткени, окшош даректер болбойт. Ошол сыяктуу эле, адам банкка акчасын салам десе, ага банк реквизиттери ыйгарылат (эсеп ачылат). Эгерде ал адам акчасын алып, же тескерисинче толуктай турган болсо, ал сөзсүз түрдө банктагы эсебин, башкача айтканда банк реквизиттерин билиши керек.

Банк реквизиттери төмөнкүлөрдү билдирет:
- өздүк (жеке) эсеп, башкача айтканда, кардарга (юридикалык / жеке жакка) банкта ачылган жөнөкөй банк эсеби;
- банктын корреспонденттик эсеби (башка банкта ачылган банктын эсеби);
- банктын БИК (банктык идентификациялык коду);
- банктын свифт коду (эл аралык банктар аралык маалымат берүү жана төлөмдөрдү аткаруу системасындагы коду).
Төлөм валютасына жараша, эл аралык эрежелерге ылайык, банктын жана кардардын башка маалыматтары кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт