// //

Жигиттер башында көңүлүмө карап, аягында...

2018.10.09, 13:11
1838

25 жаштамын. Жашоонун кызыгына тойбой, ойноп-күлүп бактылуу жашай турган мезгилде жашоом кызыксыз. Өзүмдүн ордум башка жакта болгондой ойлор келе берет. Ушул убакытка чейинки сүйлөшкөн жигиттер башында көнүлүмө карап, аягында таштап кеткени буга себеп болду деп айта алам.

Өзүм жөнүндө айтсам жакшы үй-бүлөнүн улуу кызымын. Ата-энем кадыр барктуу адамдар. Шаардагы министирликтердин биринде эмгектенем. Келбетим, мүнөзүм, тарбиям, эл менен кылган мамилем жайында. Көчөлөп баспайм, сүйлөшкөн балдар менен жакын мамиледе болгон эмесмин. Жаш курагымды өткөрбөй сүйүктүү жар, бактылуу эне болууну эңсеп келем. Бассам-турсам оюмда үй-бүлө куруу. Канткенде өмүрлүк жолдошумду жолуктуруп, аны менен бирге боло алам? Ушул нерселерди ойлоп жүрүп депрессияга кабылдым.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.10.2018, 14:30

Бермет Уланова

Гештальт-консультант

Урматтуу окурман, жазган катыңызга караганда турмуш куруу сиздин башкы максатыңыз болуп калгандай. Жигит менен таанышканда алгач эле туруктуу мамиле тууралуу сөз козгойт окшойсуз. Ал өзүңүз тууралуу билүүгө убакыт бербегендигиңизден чоочулап, алыстап кетиши мүмкүн.

Таанышкан, мамиле курган ар бир баланы болочоктогу жолдошуңуз катары көрбөңүз.
Адамды жакындан билүүгө аракет кылып, чын жүрөктөн мамиле жасаңыз. Дипломуңуз, жумушуңуз, жетишкендиктериңиз тууралуу сөз кылбаңыз. Убакыттын келиши менен ички дүйнөңүздү ачып бериңиз.

Жигиттер менен кандай мамиле кураарыңыз тууралуу билбейм. Мүмкүн идеалдуу жигит күтөсүз, же кемчилиги жок кыз болуп көрүнүүнү каалайсыз. Балдар болсо, жасалма кыздардан качат. Кандай болсоңуз ошондой болуңуз, алдыга шашпаңыз.

Суроонун башында жашооңуздун кызыксыз экендигин жаздыңыз. Ойлонуп көрүңүзчү, эмнелер сиздин жашоону кызыктуу кыла алат? Эмне менен алектенүүнү каалайсыз?
Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт