// //

Он жаш улуу бөлөм зордуктады

2018.10.04, 14:25
3910

9 жашымда өзүмдөн 10 жаш чоң бөлөм "бул оюн ушундай" деп алдап зордуктаган.

Кыз эмес экендигимди чоңойгондо түшүндүм. Керек болсо кыздык эмне экенин өзүм билбей калганым жүрөгүмдү оорутат. Бул жөнүндө эч кимге айта албайм. Апам укса жүрөгү кармап калабы деп корком.

Азыркы учурда сүйлөшкөн жигитим бар. Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Буйруса 1 жыл ичинде үйлөнөбүз деген ниетибиз бар. Бирок, ал үчүн кыздык белги өтө маанилүү. "Сага ала качып болсо да үйлөнөм" дейт. Чынын айтсам менден баш тартышы мүмкүн.

Эмне кылсам болот? Ойлоно берип сыгылып кеттим. Бөлөмдүн айыбы үчүн өмүр бою азап тартып каламбы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.10.2018, 14:36

Ширин Амантурова

Психолог

Кымбаттуум, бөлөңүз кичинекей болгондугуңузду пайдаланып зордуктап койгондугу үчүн өзүңүздү күнөөлөбөңүз. Убакытты артка кайрып келе албайсыз. Өкүнгөнүңүз менен пайда жок. Келечегиңиз алдыда.

Жигитиңиз чындап сүйсө ачуу чындыкты кабыл алат. Кыздык белги менен эле мамиле токтоп калса, ал адам сиз менен кийинки жашоосун көрө албайт.

Турмуш куруу - бул жашоодогу эң чоң жоопкерчилик. Кыздык намыс менен эмес, баш кошуп жаткан эки адамдын чыдамкайлык, кечиримдүүлүк сапаттарынан үй-бүлө жаралат.

Психологиялык жаратыңызды психолог менен бөлүшүп, таарынычты, жек көрүүнү жок кылышыңыз керек.

Келечегиңизди позитивдүү көз карашта карап, жашоонун жакшы жактарын көрө билсеңиз баары ордуна келет. Бактылуу болуңуз! 

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
04.10.2018, 15:50

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зомбулук боюнча эксперт 

Урматтуу окурман! Бөлөңүз сизди алдоо жолу менен кичинекейлигиңизди пайдаланып зордуктаган. Аны жазасыз калтырбай ошол замат милицияга беришиңиз керек болчу. Бирок, ал учурда баам албапсыз. Эгер биз зордук-зомбулук жасаган айыпкерлерди дайыма жазасыз калтыра берсек, ал кайрадан барып дагы бир башка кыз келиндерге зомбулук жасайт. 

Азыр убакыт өтүп кеткен соң, чөкпөңүз, психологго жана гинекологго барыңыз. Күчтүү болуңуз, сиздин келечегиңиз алдыда. Жашоодогу бардык баалуулуктарды, ой-тилек максаттарды кыздык белги менен байланыштырбаңыз. Тагдыр сизге 10 сыноо койсо, сиз ага 20 жооп табыңыз! Баардык жакшы нерселер алдыда!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт