Иним Түркиядан келе албай жатат
Саламатсызбы! Иним Измирден келе жатып Стамбулга жеткенде милиция кызматкерлери кармап, учактан кечиктирип коюшуптур. Азыр ошол "Ататүрк" аэропортунда турат. Артка кетейин десе депортация болуптур. Бул жакка келгенге билети жок. Эмне кылышты билбей жатабыз.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Иниңиз Түркиядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгү менен байланышып, абалын айтуусу керек. Өкүлчүлүк кызматкерлеринин бири иниңиз менен сүйлөшкөнгө аракет кылат.
Сиздер бул жактан жакынкы каттамга билет алып бериңиздер. Ийгилик!
Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы консулдугу
Дареги: Ламартин Каддеси, 7, Таксим, Стамбул
Байланышуу номуру: (+90212) 235-67-67; Факс: (+90212) 235-92-93
E-mail: genkon@kgembassy.org.tr