// //

Үй-бүлөдөгү төшөк мамилеси: милдетпи же ырахатпы?

2018.06.18, 14:38
42348

Үй-бүлөдөгү жыныстык мамиленин эң жакшысы- жубайлардын ырахат бере алышы жана өнөктөштөр бири-биринен канааттанышы. Өкүнүчтүүсү жыныстык катнаш милдетке, жубайы менен кошулуу жагымсыз сезимдерге айланып кеткен учурлар бар.

Жаңы турмуш курган жубайларга бири-бирине болгон кызыгуусун кармап калуу оорчулук жаратпайт. Убакыттын өтүшү менен сезимдер мокоп, каалоолор жоголот. Романтиканын ордун “жубайлык милдет” ээлейт.

Келиңиз төмөндөгү жагайдайларды карап көрөлү. Мүмкүн бирөөсү сизге тааныштыр:

  • “Күйөм таштап кетпесин” деп каалабасаңыз дагы жыныстык катнашка барасыз.
  • Жубайыңыз төшөктө көңүлүңүзгө жакпаган нерселерди кылса дагы, чыр-чатакты алдын алуу үчүн эч нерсе айтпайсыз.
  • “Аялым мени алсыз экен дебесин” деп чарчасаңыз дагы өнөктөшүңүз менен кошуласыз.
  • Жубайыңыз жагымсыз жыттанып жатса, көңүлүн оорутуп албайын деп унчукпайсыз.
  • Жыныстык катнашка барууну кааласаңыз, аялыңыздын башы ооруй берет.
  • Бири-бириңиз менен жалгыз калуудан коркуп, бош убактыңыздарды сыртта өткөрөсүздөр.
  • Жолдошуңуз көп иштеп, жыныстык катнашка барууга убактысы жок.
  • Аялыңыз өзүн карабайт, сиздеги каалоону ойготуп, өзүнө тартпайт.
  • Жыныстык катнашта бир эле ыкманы колдоносуздар.
  • Ушунчалык берилип алып ишиңизди кылып жатсаңыз, жубайыңыздын оюу башкада. Мисалы, эшикте кирлер калып калды, тамакты өчүрдүмбү ж.б.
  • Жолдошуңуз мас абалында келип алып, кошулууга мажбурлайт.
  • Жубайыңыз төшөктө сиз каалабаган ыкмаларды жасагысы келет.

Эгерде сизге булар тааныш болсо, анда жыныстык мамилеңизде көйгөйлөр бар.

Секс-бул милдет эмес!

Ооба, секс – бул жагымдуу жана жакшы нерсе. Бирок, аял муну менен алектенгиси келбеген учурлар кездешет. Кээ бирөөлөр баш тартуу менен өнөктөшүн капа кылып алабыз деп ойлошот. Адистердин айтымында төшөк мамилесине баргыңыз келбесе, аны ачык айтыңыз.

Биринчи кезекте жыныстык катнаш - өз ыктыяры менен болушу керек. Сиздер жубай болсоңуздар эле, өнөктөшүңүздүн каалоосун аткаруу керек дегенди билдирбейт. Жашоодо төшөк мамилеси менен алектенгенди бери кой, ал тууралуу сүйлөшкүң дагы келбеген жагдайлар болот.

Кандай учурда баш тартса болот:

  • Өнөктөшүңүз сиз каалабаган нерселерди кылып жатса “баш тартсам мени сүйбөйсүң дейт” деп ойлонуп жата бербеңиз. Эркектер сизге бир нерсе жакпай жатканын билбейт. Баарын ачык айтыңыз, эгерде күйөңүз сизди чындап эле сүйсө, көңүлүңүздү оорутпаганга аракет кылат.
  • Ортодо сый болушу керек. Эгерде ал жок болсо, төшөктө сизди кемсинтет, басынтат, сизге жакпаган сөздөрдү айтып, каалаганын жасайт. Анан албетте аны менен жыныстык катнашка баруу каалооңуз жоголот.
  • Сиз каалабасаңыз дагы кумар алуунун түрдүү ыкмаларын жасоого мажбурлайт. (оралдык жана аналдык секс, петинг ж.б)

Денеңиз сизге гана тиешелүү, эч ким аны өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга укугу жок!

Үй-бүлө-бул эки тараптуу кумар алуу

Кызыгы коомчулукта аялы күйөсүнүн каалаганын бербесе, ал сол жакка басат деген ойлор бар. Байкуш аялдары “мени таштап кетпесин” деп күйөөсүнүн көзүнүн кареги менен тең айланат. Башка эркек калбай калгансып, бир жакшы сөз айтууга жарабаган күйөөнүн жанынан айланчыктап чыгышпайт.

Үй жыйнап, тамак жасап, эртеден кечке балдарыңыз менен алектенип чарчаган аялыңызга сиз каалаган учурда эле даяр болуу кыйын нерсе. Анда эмне кылуу керек? Ал үчүн алгач жагымдуу шарттарды даярдоо зарыл. Эс алуу, балдарыңызды бир жакка жиберип коюп, жубайыңыз менен ырахаттануу дегендей. Үй-бүлө-бул кумар алуу. Бул маселеде ар бир түгөйдүн милдети болот. Нормалдуу сексуалдык мамилеге баруу үчүн, эркек аялын даярдап, жагымдуу сөздөрдү айтып, ачуу керек. Себеби аялдар эркектерге салыштырмалуу кечирээк дүүлүгөт.

Эгерде күйөөсү сол жакка басып, үй-бүлөсү алдында жоопкерчиликти албаса, өзүнүн эле ырахатын ойлосо, андай адам менен жашоо маанилүүбү, жакшылап ойлонуңуз.

Сиз минет кылууга милдеттүү эмессиз!

Жыныстык жашоодо өнөктөштөр бири-бирине ар кандай ооруларды жуктуруп алышы мүмкүн. Кумар алууда 30дан ашык бактерия, вирус жана инфекциялар өткөрүлүп берилет. Негизгилери сүзөк, герпес, сифилис, хламидиоз жана педикулез. Гинеколог Гүлзина Мадраимова:

“Ар бир адам сексуалдык канаттандыруунун жолдорун өздөрү тандайт. Болгону оору жуктуруп алуудан коргонушу зарыл. Ошол эле оралдык сексти алсак, жыныс аркылуу оозго, тилге жана көзүңө, герпес, сифилис, гонорея, папиллома вирусу жугушу мүмкүн. Гигиенаны сактоодо атайын каражаттарды колдонуңуз. Жыныстык жашоо менен жашап жаткандан кийин профилактика үчүн сөзсүз жылына бир-эки жолу дарыгерге кайрылып туруу керек ”,- деди.

Жыныстык катнаштан баш тартуу-“сени сүйбөйм” дегенди билдирбейт!

Кээ бир эркектер артынан кошулууну, минет кылдырууну каалайт. Аялына жагымсыз болуп жатабы иши да болбойт.  Жыныстык катнаш маселесинде ар бир түгөйдүн милдети болот. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын “Фатва” бөлүмүнүн адиси Рафаил Татиковдун пикиринде жыныстык жашоодо көйгөйлөр жаралса ачык айтуу керек.

“Шарият төшөктөгү аял менен эркектин укугун бирдей караган. Күйөөсү аялына “минет кылып бер десе”, аялы аны жасап берүүгө милдеттүү эмес. Аналдык жана оралдык секс менен кумар алуу арам нерсе. Жыныстык мамиледе кандайдыр бир кемчиликтер болсо, жубайлар бири-бирине ачык айтып, аны чечүүгө аракет кылышы керек.”

Адистен кеңеш

Дарыгер, сексолог Илья Комаровердин пикиринде, жубайлар жыныстык жашоосун ар түрдүү кылууга аракеттенип туруу зарыл. Көп жыл жашаса дагы сөзсүз романтикага орун берип, балдарды чоңойтууну гана милдет кылып албастан, айына бир эки жолу болсо дагы өздөрү үчүн майрам кылып алганды үйрөнүү абзел дейт.

“Баары көнүп калуудан, монотондук жашоодон болот. Андыктан жыныстык катнашты ар түрдүү кылууга аракеттенүү керек. Күндө эртең менен ботко менен кофе иче берсең тажайсың. Бири-бириңерди сүйгөндөн кийин жагууга аракет кылгыла. Индиялыктардын жыныстык катнаш ыкмалары бар, ошону колдонгула. Дайым эле жыныстык катнашка жатаканда бара бербестен, дачага, мейманканага, батирге же болбосо табиятка барып кошулуңуздар. Балдарыңыз же туугандырңыздар тоскоол болуп жатса, аларга киного билет алып берип койсоңуздар, эки саатыңыздар пайда болот. Бул убакыт интимге барууга толук жетет. Сиздер жашоонун кызыгы болгон кумарды алып жашоого милдеттүүсүздөр.”

Ал эми психолог Бүбүсара Рыскулова:

“Бир жактан гана күнөө издебей, өзүңүздөн дагы издеңиз. Алсак айымдар башында өздөрүн карап, жолугушууга жасанып чыгышат. Турмушка чыккандан кийин төрөдүм баары бүттү деп, халат кийип, чачына бигуди коюп, толуп, өздөрүн таштап коюшат. Ал эми эркектер көздөрү менен дагы сүйүшөт. Аракет кылып, ар бир маалда мамиле түзгөндү үйрөнүңүз. Эң оңой жолу ажырашып кетүү. Баягыдай болбосо дагы, мамилени жандандырса болот.”- дейт.

Жыныстык жашоо гигиенасы

  • Биринчи кезекте эркектер үчүн талап кылынган гигиеналык көндүм-жыныс мүчөсүн күн сайын жылуу суу менен самындап жууп туруу.
  • Эркекке мас абалында жыныстык канташка барууга болбойт, бул аялдын жыныстык органына зыян тийгизет. Күйөөсү мас абалында кошулган аялдарда жыныс кыны, табарсык жана көтөн чучуктары жабыркаган оор учурлар кездешет.
  • Жыныстык канташ боло турчу жер чоң мааниге ээ. Бир гана дене эмес, төшөк, ич кийимдердин тазалыгы өтө маанилүү.
  • Кыжырданып, маанайыңыз чөгүп жана чарчап турсаңыз жыныстык катнашка баруу сунушталбайт, кийин жыныстык ооруларга алып барышы мүмкүн.

Зордук-зомбулук менен жыныстык катнашка барсаңыз, аялыңыз физикалык жактан гана эмес, психикалык оор жаракат алып, төшөк мамилесинен жийиркенип калат.

  • Этек кир келип жатканда жыныстык катнашка барууга болбойт. Себеби бул мезгилде аялдын организми көптөгөн жыныс ооруларына ийкемдүү келет. Аял өзү гана эмес, эркек дагы жабыркайт.
  • Кош бойлуулуктун биринчи эки айында жана акыркы эки айында жыныстык катнашка барууга болбойт.
  • Жыныстык катнаштан кийин жунуу.

Төшөктөн бири-бирин канааттандырган эки түгөй гана мамиле сактайт!

Бирге түтүн буулатып жашап жаткандан кийин өзүмчүл болбогула. Сезимдер эки тараптуу болуп, сиңирилип турушу керек. Кумар алуу жана берүү-өзүнчө бир исскуство. Эгерде бул колуңуздардан келбей жатса атайын адистерге кайрылыңыздар. Бир гана нерсени билиңиздер, сиз эч кимге милдеттүү эмессиз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт