ВИЧ инфекциясын жуктуруп алыпмын
20 жаштамын. Жакында эле ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганымды билдим. Бул кабарды уккандан бери шок абалдамын.
Жашоого көз карашым өзгөрүп, түнт болуп баратам. Жан дүйнөм ооруп, кыйналып кеттим. Башымдан "сенин өмүрүң аз калды" деген ой кетпейт. Үй-бүлөм баш болуп абдан коркуп жатабыз. Эмне кылсам болот?
Ширин Амантурова
Психолог
Кымбаттуум, жашооңуздагы эң оор сыноону көтөрө алаарыңызга ишенем. Кандай себеп менен бул ооруну жуктурганыңызды жазбаптырсыз. Өзүңүзгө болгон ишеничиңизди көбөйтүп, бул коркунучтуу дартты жеңип, жашап кетүү колуңузда.
ВИЧ инфекциясы менен жашап, үй-бүлө куруп, иштеп жүргөндөр арабызда көп.
Bilesinbi.kg ге жазып, ички дүйнөңүздөгү сезимдериңиз менен бөлүшкөнүңүз, ооруга каршы биринчи кадам.
Дарылоо курсун өз убагында алып, жаман адаттардан (ичкилик, тамеки тартуу) алыс болуп, активдүү жашоо образын сактоого аракет кылыңыз.
Стимул берчү адам өзүңүзсүз. Жашаңыз, алдыга көп максаттарды коюңуз, оору сиз үчүн жаза болбошу керек. Жакындарыңыз менен ичиңиздеги букту бөлүшүңүз. Сизге ден-соолук жана сабырдылуук каалайм!