Мугалимдин баласы болгонум үчүн кордошот
16 жаштамын. Чоң апам, апам, мен жана карындашым болуп жашайбыз. 9-классты аяктап, лицейге окууга тапшырдым. Апам мектепте мугалим болуп иштейт. Классташ балдарым мени бөлүп, “гейсиң, кызга окшошсуң” деп шылдыңдашчу. Азыр болсо лицейдеги группалаштарым дагы “сен тигиндей (гей) окшойсуң” деп маскаралап жатышат. Мугалимдин баласы болгонум үчүн ушундай кордук көрөмбү?
Окууга деген кызыгуум жоголду, лицейге басып баргым келбейт. Алдыга койгон максаттарым чоң болчу. Мага жардам бериңизчи.
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, апаңыздын мугалим болуп иштешинин бул окуяга тиешеси жок болуш керек.
Мүмкүн теңтуштарыңыз менен тил табыша албай жаткандырсыз. Алар күткөндөй боло албай жаткандыгыңыздан улам ушул сыяктуу кемсинтүүлөр айтылып жаткандыр.
Окууңузга, мүнөзүңүзгө терс таасирин тийгизип жатса, башка окуу жайга которулуп кетишиңизди сунуштайм.
Өспүрүм курактагы мындай басмырлоолор, сын-пикирлер суидцидге алып келиши мүмкүн. Чөйрөңуздү алмаштырып, өзүңүздү коргоңуз.
Алаксып, жактырган ишиңиз менен алектениңиз. Учурда болуп жаткан негативдик, эмоционалдык абалды туура багытта колдонуңуз. Сизге ийгилик!