// //

Адамдар эмне үчүн калп айтат?

2018.06.14, 13:28
5704

“Алданып калдым”, “алдам койдум” деген сөздөрдү көп угабыз. Келиңиздер, гештальт-терапевт жана психолог Гүлмира Молдокулова менен калп айтуунун себептерин билип көрөлү.

Кээ бир адамдар ачуу болсо дагы чындыкты айтканга аракет жасайт. Айрымдары каратып туруп калп айтып, суудан кургак чыгып кетет. Арасында, калпты келиштирип айткандары дагы жок эмес.

Калп айтуунун 7 себеби:

  • Чындыкты айткандан коркот. Чоң адам шефине “отчеттун баары даяр” десе, бала чыныны сындырып алып “өзү кулап кетти” деп калп айтат. Апасынан жеме уккусу же жумуштан айдалып кеткиси келбегендиктен калпычы болушту.
  • Чектөөлөр көп. Эгерде тил табышып кетүүгө, өзүнүн оюн ачык айтууга мүмкүнчүлүк берилбесе, адам жалган айтат.
  • Акыйкаттык жок болсо. Калыс сөзү жок адамдарга, акыйкат жок мекемелерде калп көбүрөөк айтылат.
  • Басынтуу болсо. Катасы үчүн шылдыңдоо, басмырлоо болгон жерде адам жалган сүйлөйт.
  • Өзгөчөлөнүү максатында. Башкалардан айырмаланып барктуу, өзгөчө болууну каалагандар жалган сүйлөйт.
  • Жагалдануу максатында. Кээ бир адамдар жагалдануу максатында калптарды жаадырат. Ал адам ишенип жатабы же жокпу иши жок. Максаты ээптеп ага жагып алуу.
  • Кызга же жигитке жагууну кааласа. Жолугушууда мурунку мамилесин, жашоодогу кемчиликтерин ачык айтуудан качып, идеалдуу адам көрүнгүсү келет. Ортодогу мамиле калп менен курулуп башталганына маани беришпейт.

Калп айтууну кантип токтотобуз?

  • Чечим чыгарыңыз. Жалган айтуу менен ишеничти жоготуп алдыңызбы? Анда эмне себептен калп айтып жатканыңызды изилдеңиз. Себебин тапкандан кийин, өзүңүзгө “экинчи калп айтпайм” деген убада бериңиз.
  • Жалган айтпа. Эгер чындыкты айтуу кыйынчылык жаратса, унчукпай коюу эң мыкты чечим.
  • Чындыкты көбүрөөк айтыңыз. Калптын саны чындыктан көп болсо, чындыкты айтуу үчүн машыгуу керек. Мисалы, бир күндө бир нече чын сүйлөңүз.
  • Жалган, көп айтылчу темалардан алыс болуңуз. Мүмкүн сиз бала чагыңыз жөнүндө көп калп айтасыз. Чындыкты айтканга аракет кылыңыз, же болбосо бул тема тууралуу сүйлөшпөңүз.
  • Чынчыл болуңуз. Адамдагы баалуу мүнөздөрдүн бири – чынчылдык. Ачык айтып, ак сүйлөгөн адам болуңуз!

Таттуу жалганга караганда, ачуу чындык ийгиликке жетелээрин унутпаңыз. Калп айтып шылдыңдан, уят болуудан кутулам деп ойлобоңуз. Кыргызда “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деп таамай айтылган сөз бар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт