Акчасы аз жигитке турмушка чыксамбы же...
Азыр 18 жаштамын, жакында 19га толом. Жигитим 26 жашта. Экөөбүз жакшы мамиледебиз. Бир көйгөй - үйү жок. Жумушунан жакшы акча таппайт, кыйналат, кээде менден акча сурайт, бирок кайра кайтарып берет. “Турмуш куралы, үйдүн улуу баласы болгондуктан бир ай ата-энемдиникинде жашап, кийин бөлүнүп шаарда жакшы батирде жашайбыз”, - дейт. Өзүм болсо 14 жашымдан бери иштеп, окуп дагы келем. Баш кошкондон кийин кыйналып калбаймбы?
Бермет Наралиева
Психолог
Урматтуу окурман, 18 жаштагы курак үй-бүлө күтүүгө али эртелик кылат. Ошентсе да 16-17 жашында турмуш куруп, бактылуу жашап жаткандар жок эмес.
Бул адамдын ички психологиялык даярдыгына көз каранды. Сизде кыйынчылыктарга туруштук берүүгө, тоскоолдуктарды жеңип кетүүгө ички потенциал барбы? Бала болуп туруп наристе багууга дараметиңиз жетеби, башка үй-бүлөнүн мыйзамы менен жашай аласызбы, жокчулукка, жетишпеген турмушка сабырдуулук менен чыдай аласызбы? Эгер жогорудагы касиеттер сизде бар болсо, эмнеге турмуш куруп, турмуштун түйшүгүн тартып кеткенге болбосун.
Турмуш деген оңой эмес. Кыз-жигит доору менен үй-бүлөлүк жашоонун айырмасы абдан чоң. "Үйү жок, акчасы жетпейт, жумушунан жакшы акча таппайт" деп материалдык дүйнөгө акцент коюп жатасыз. Материалдык байлык негизги маселе болгон үй-бүлөлөрдүн эшигинен ачкачылык кирип келгенде сүйүүлөрү форточкадан чыгып кетет.
14 жашыңыздан иштеп, окуп өз алдыңызча оокат жасап, кала берсе жигитиңизге карызга акча бергенге жетишкен болсоңуз, эмнеге турмушту улантуу үчүн күмөн саноолор болуп жатат?
Себептерин өз жан дүйнөңүздөн анализдеп көрүңүз. Ийгилик!