// //

Сөзсүз эле жогорку окуу жайда окуш керекпи?

2018.06.13, 12:02
6289

Көп учурда мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн келечегин бул кесиптен көрөбүз деп жүз пайыз кепилдик бере алышпайт. Коомубузда дагы "Окуу жайга өткөн жоксуңбу, пол жууп иштейсиң!" деген түшүнүк бар.

Акыркы убактарда, "4 жыл аудиторияда отуруунун кереги барбы?" "Бирөө үчүн жогорку окууга тапшыруу туурабы?" деген суроолор арбый баштады. Биз алгач  КР Билим берүү жана илим министрлигине байланышып, жогорку билим эмнеге керек деп сурадык:

Жогорку кесиптик билим берүү - адам, коом, анын тарыхы жана маданияты тууралуу илимий билимдер системасына ээ болуу, тил үйрөнүү, негизги жана кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздайт. Жогорку кесиптик билим берүү программасын өздөштүргөн адамдар, окуусун улантууда магистратурага жана аспирантурага, жумушка көнүү үчүн зарыл болгон кесиптик билимге, жөндөмгө даярдалат”,-деп жооп узатышты.

Билим берүү системасы эскирди

Мектеп, университет, жумуш - узактан бери келе жаткан схема. Мунун эскиргенине макул болууга ата-энелер, өзгөчө, чоң ата, чоң энелер даяр эмес. Туугандарынын сөзүнө кирип “уят” деп университетке тапшырып алган балада, бир-эки жылдан кийин “мен кайда келдим, мунун мага кереги барбы" деген ойлор жаралат. Ал эми “Жогорку окуу жайга тапшырса гана баланын кийинки жашоосу ийгиликтүү жана бактылуу болобу?” суроосуна эч ким жооп бере албайт.

Быйыл мектепти аяктап жаткан Дастан университетке тапшыргысы келбейт:

Мектепте 11 жыл окудум. Кайра дагы 4 жыл окугум келген жок, иштеп акча табууну каалайм. Атама бул оюмду айтсам, “уят болот, тааныш-билиштер Жаныбектин баласы окууга өтпөй калыптыр” деп болбой жатат. Эми каалабасам дагы окууга тапшырам”.

Эң негизгиси - кайда окуу эмес, эмгек базарында суроо-талап жараткан, ийгиликтүү адам болуу үчүн кандай жөндөмгө, билимге ээ болгуң келет. Бизнесмен, “Жашыл Чарба” агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиевдин айтымында бүгүнкү күндүн билим берүү системасы толугу менен эскирген:

Азыркы убакта билим берүү системасы Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө да эскирди. Мисалы, Россиядан, Америкадан, ошол эле Гарварддан окуп келген тааныштарымдын айрымдары менен сүйлөшө келсең, алган билимдеринин биздикинен айырмасы жок. Эң жакшы билим-бул практика. Менин айыл-чарба тармагында жогорку билимим жок, ал эми практика жагынан алып караганда, теоретиктерге караганда көптү билем. Бүтүрүүчүлөрдү, агрономдорду, ошол эле чет жакадан окуп келгендерди кайрадан үйрөтүп жатабыз”.

Анкара шаарында билим алып жаткан, магистрант Айжамал Бейшеналы кызы ийгиликке жетүү үчүн диплом биринчи орунда эмес экенин айтат:

"Университетке тапшырбаса да бутка турса болот. Баары адамдан көз каранды. Болгону эмне каалап жатканын билип, өзүнө-өзү катуу талап коюшу керек. Эгер сен экиден көп чет тилин билсең, жаңы нерселерди үйрөнүүгө каалооң чоң болсо, ар түрдүү жерде иштесең болот. Максатыңды аныктап алып, ошого жараша багыт алуу зарыл".

Университетке тапшырууга мажбурлашат

Менин балам университетте окуйт, сеники училищадабы?” ата-энеге бул суроону угуу катуу уят. Туугандардын, достордун алдында маңдайы жарык болушу үчүн балдарын университетке тапшыртууга мажбурлайт.

Быйыл он биринчи классмын. Окуумду бүткөндөн кийин лицейге тапшырайын десем, ата-энем акчасы аз болот "он бир жыл окуп алып, орто билимдин ээси болосуңбу" деп каршы болушууда,”-дейт Айзирек.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков училище, лицейди бүткөндөр университетти аяктагандарга караганда эки эсе көп айлык алаарын айтты:

Сантехник, сварщик сыяктуу кесиптердин маянасы миң доллардан кем эмес. Азыр бизде юрист менен экономистке жумуш жок. Жогорку окуу жайды бүтүп алып, кайра училищеге тапшырып жатышат. Учурда талап жаратып жаткан кесиптердин рейтингин айта кетсем: кызматчы кесиптерден мугалим, турак-жай боюнча агент, дарыгер, кассир, соода агенти, медайым, мамлекеттик кызматкерлер жана риэлторлорго жумуштар абдан көп. Ал эми жумушчу кесиптерден тикмечи, сатуучу, куруучу, ашпозчу, электрик, жүктөөчү жана тазалоочу менен айдоочуга талап жогору”.

Жаштардын эң негизги кемчилиги - "мен окуумду бүткөндөн кийин кандай натыйжаларга жетиша алам" деген суроого жооп издебегенинде. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобековдун айтымында студенттер колунан эмне келээрин билбей эле окуп жатат деди:

"ЖОЖго келип, колунан эмне келээрин билбей эле окуп жатышат. Биринчиден өз жөндөмүн карап, экинчиден кызыккан багытын тактап, бул багыт боюнча билим бере турган 2-3 университетке барып “силерге тапшырсам кандай жыйынтыкка ээ болом” деп сураш керек. Азыртадан кайда иштей тургандыгы тууралуу ойлонуу зарыл. Азыркы заманда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү абдан көп, аларды пайдаланганга жетишүү керек".

Жогорку окуу жайлар-алдамчылар!

Балким башкача кылууга мүмкүндүр? Албетте! Жогорку окуу жай – бул багыт алчу жолдордун бири гана. Бирок ал эң жакшысы эмес. Начар жогорку окуу жайды аяктоо - ийгилиги жок жашоого кепилдик берет. Бүгүн карьера жасоо үчүн тандоолор көп.

Ololo чыгармачылык студиясынын жетекчиси Данияр Аманалиев жогорку окуу жайлар чоң алдамчылар дейт:

Бир ирет экономика факультетинин студенттеринин астына чыгып сүйлөөгө чакырышты. Сөзүмдү сүйлөп бүткөндөн кийин, уюштуруучулар экинчи келбешимди өтүнүштү. Кыскасы, ал жактын экономист-студенттери альтернативдүү чыгымдардан кабары жоктой жана жөнөкөй болгон операцияны алсак, университетте окуп жактан убакытта 43 000 сом* 4 жыл= 172 000 сом сарптала тургандыгын эсептей алышпайт.

Баары "жок дегенде, бир пайдалуу нерсе алып жатышат да" "билим ашыкча болбойт” деп айтышат. Рационалдык ой жүгүртүүнүн негизи-чыгымдар менен кирешелерди салыштыруу. Өзгөчө акылдуу болгон адамдар чыгашаларына окуусуна кеткен убакытта иштеп табууга мүмкүн болгон бардык нерсени кошот. Мисалы, студенттер менен эгерде алар айына 15 миң сом айлык алган официант болсо канча сом табышмак экенинин эсептесек, 4 жылда 720.000 сом болду. Ичине чай акысын, эмгек маянанын өсүшүн киргизген жокпуз.

Эми билим жөнүндө сөз кылалы, адам официант болуп иштесе кем акыл болуп калабы? Албетте, жок. Мисалы ал төмөнкүлөрдү үйрөнөт:

  1. Биздин өлкөгө жетишпей жаткан өтө маанилүү болгон-иш этикасын. Тартип, буйруктарды 100% аткарууну, талаптарды түшүнбөй калсаң кайрадан суроо жөндөмдөрүн ж.б.
  2. Бейтааныш адамдар менен баарлашууну, алар менен тил табышып, керектөөсүн түшүнүп, каталары үчүн кечирим суроону.
  3. Бардык өндүрүштүк технологиясын жана тамак-аш сунууну. Биз өмүр бою тамак жейбиз, эл аралык мамилелерден айырмаланып, бул абдан пайдалуу.
  4. Командада иштөөнү, жардам берүүнү, мекеменин кызыкчылыктарын коргоону. Албетте, мындан башкалары дагы көп”.

Бизнесмен өз сөзүндө бул өлкөнүн башкы алдамчысы болгон-жогорку билим берүүнүн астынан дээрлик баары өтүп жаткандыгын кошумчалады.

“Пайдасыз ЖОЖдор 4 жылда өздөрүн чыгымдарга дуушар кылуу үчүн студенттердин кезегин түзүп, конкурс уюштурат. Мугалимдердин алдындагы кордук тууралуу сөз кылбай эле коеюн. Ооба, жогорку окуу жайлардын тизмесинде өзгөчө болгондору, өз ишин мыкты билген мугалимдер бар, бирок алтернативдик чыгымдарды ар бир учурда эсептөөнү сунуштайт элем. Эгер сиздер жогорку окуу жайга сарпталган 4-5 жылыңыз үчүн актансаңыз, анда бир ресторанда болбогон тамак жеп алып, баары бир соусуна Tabasco берди деп сүйүнгөнгө барабар".

Дипломдор шкафта жатат

Жаш ойлоп табуучу Нурсейит мектептен билим алгысы келбейт:

8-класстын окуучусумун. Техникага абдан жакынмын, ар нерселерди ойлоп табам. Физика сабагы жагат. Бирок мен мектепке баргым келбейт. Мугалимдер жактырбаган сабактарымды окушумду каалашат. Кийин университетке тапшырбай эле, өзүмдүн ишканамды ачсам дейм”.

Борбордук Азиядагы IDEAнын долбоорлор координатору Нурайым Шамырканова өзүңдү таанып билүү, кесипкөй катары калыптануу үчүн билим алуу керектигин айтты:

"Негизинен университетке тапшыруу керек. Себеби жогорку окуу жай жалгыз гана билим берүү мекемеси эмес, жаштар ал жерден жашоо жөндөмдүүлүктөрү, жумуш этикасы, баарлашуу маданияты сыяктуу баалуулуктарды ала алышат. Адамдын таланты ташкындап турса дагы бул баалуулуктарга ээ болушу абзел. Ал эми Кыргызстандын университеттерине тапшыруу маселеси өзүнчө суроо. Учурда биздин билим системабыз маалымат берүү менен гана чектелет. Билим берүү жөндөмдүүлүктөрдү, робот, компьтерде жок баалуулуктарды үйрөтүүгө аракет кылышы зарыл".

Адистердин айтымында юриспруденция, экономика сыяктуу китептен окуп же онлайн курстан уга турчу гуманитардык кесиптер үчүн университетке убакыт коротуунун кереги жок. Ким илим менен жашоосун байлагысы келсе, анда университетти тандасын. NANOSPACE компаниясынын директору Улан Саламатов дипломун колдоно элек:

Биздин окуу системабыздын талабына жараша сабакка баруу керек. Себеби кийин жумушка орношууну кааласаңыз “диплом жок жумушка албайбыз” дегендер чыгат. Чынын айтайын, мен Кытайдан алып келген дипломум шкафта турат, мектептеги аттестатымдын кайда экенин билбейм. Аттестат, дипломду алып коюңуз, бирок өзүңүз кызыккан багытты эч качан таштабай, аркасынын түшүп, өркүндөтө бериңиз”.

Жашоонун 4-5 жылын ысырып кылып жаткандан кийин, мээни иштетип, көптү үйрөнгөнгө аракет кылып, ар тараптан изденүү зарыл. “Эл эмне дейт” деп убакытты бекерге коротуу туура эмес. Чечим адамдын өз колунда, эч кимдин таасири тийбеши керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт