Эң маанилүү нерсе: 2030-жылга чейин мамлекет ден-соолугубузга кантип кам көрөт?

Саламаттык сактоо министрлиги 2019-2030 жылга карата калктын ден-соолугун жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүнү коргоого алган, өкмөттүн “Дени сак адам - гүлдөгөн өлкө" долбоорунун программасын сунуштады.

Мамлекеттик программаны иштеп чыгууда эксперттик топ формалдуулукту карманды: мурдагы "Манас", "Манас таалими", "Ден соолук" саламаттык сактоо өнүктүрүү стратегияларынан сабак алды, 2018-2040 жылдагы Улуттук өнүктүрүү стратегиясына програмдык-максаттуу негиз салды, өкмөттүн 2018- 2022 жылдагы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын эске алды.

Долбоорлордун программасын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ, тематикалык жана фокус-топ менен 71 отурум өткөзүштү; баардык региондордо консультация жүргүзүлдү; улуттук деңгээлдеги 10 тегерек үстөлдөр жана семинарлар өткөрүлдү. Бейөкмөт уюмдардан, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн келип түшкөн 410 сунуштардын, эскертүүлөрдүн, комментарийлердин көпчүлүгү эске алынды.

Kaktus.media редакциясы дээрлик 70-беттен турган документтин урунттуу учурларын изилдеп, негизгилерин баса белгиледи.

  1. Системдик өзгөртүүлөр 12 жыл талап кылат

Соңуна чыгып жаткан "Ден соолук" программасынын өзгөчөлүгү: төрт жылдан бери саламаттык сактоо системасы 4 багытты жакшыртууга аракет кылды: кургак учук, жүрөк-кан тамыр оорулары, эне өлүмү, ВИЧ/СПИД. Саламаттык сактоонун баардык системасында көйгөйлөр бар болгондуктан, ошондой эле жагдайын жакшыртуу керек болгон оорулар абдан көп жана бир эле оору башка оору менен коштолгондуктан, жаңы программада тикесинен карай мамиле жасоо натыйжалуу болбой калат деп чечилди. Бирок, ошол эле учурда кайсы бир оорунун кырдаалын жакшырт турчу тик программалар алынбайт.

Системалуу өзгөрүүлөр кыска мөөнөт ичинде ишке ашырылган эмес.

Иштеп чыгуучулар, эгерде программаны активдүү ишке ашырсак, жок дегенде 12 жылда ден-соолук кызматтары 3-4 ооруда гана эмес, бардык ооруларды дарылоого жана алдын алууга пайдубал сала алат деп үмүттөнүшөт.

  1. Адамды карылыкка даярдоо-дүйнөлүк тренд

Дүйнө саламаттыкты сактоо системасына түйшүк жараткан калктын улгайышына кызыкдар. Элестетип көрүңүздөр, төрөтү жогору болгон Кыргызстанга дагы мунун тиешеси бар. 17 жашка чейинки балдар калктын болжол менен 40% ын түзөт.

60%ды улгайган курактагы топтор  түзгөндүктөн, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен Калк фонду Кыргызстан дагы карылыкка даярдануу керек деп ойлошот.

Бизде карыганда ден-соолукта пайда болчу көйгөйлөрдү түшүнгөн, оптималдаштырган жан даярдаган саламаттык сактоо системасынын кызмат көрсөтүүсү такыр эле даяр эмес.

Ал эми бул маселе боюнча мамлекеттик программа тарабынан жугуштуу эмес оорулардын ичинен артыкчылыкка ээ болгон психикалык ден-соолуктун ролу жогорулады. Иштеп чыгуучулар карылыкка даярдануу керек деп эсептешет. Улгайган адамдар, курактык өзгөрүүлөр, деменция ( карылардын кем акылдыгы) жана Альцгеймер оорусу болорун түшүнүп, алдын алуу иштерин жүргүзүүлөрү керек. Психикалык ооруларды аныктоо жана дарылоо бири-биринен кескин айырмаланып, өзүнчө обочолонуп тургандыктан, биздин система буга даяр эмес. Кеп кайсы бир шизофренияны дарылоодо гана эмес, ар бирибизди курчаган стресстин шарттарына кам көрүүдө. Ошондой эле ар кандай оорулар, өзгөчө оор түрлөрү психикалык көйгөйлөр менен коштолот.

  1. Жугушсуз оорулар өлүмдүн 80% ын түзөт. Бул нерсе менен бирдеме кылуу зарыл

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору көбүнчө жугуштуу же өзгөчө коркунучтуу ооруларга көңүл бурушат. Жугушсуз болгон - рак, диабет жана башкалар иш жүзүндө жокко эсе. Бул саламаттыкты сактоо системасындагы олуттуу жүк болуп саналат.

Дал ушул жугуштуу оорулар өлүмдүн 80% ын түзөт. Демек, аларды алдын алуу боюнча өзгөчө басым жасоо зарыл.

Мындай жагдайдын экономикалык кесепеттери дагы бар. Дарылоого байланыштуу чыгымдардан тышкаркы кыйырлары: эмгекке жарамдуулукту жоготуудагы пайдадан кол үзүү, багуучуну жоготуу үчүн алынган пенсия жана башка. Диабет, жүрөк-кан тамыр оорулары, өнөкөт өпкө оорулары, рак, психикалык оору жана башкалар мезгилсиз өлүмгө, айрыкча эмгекке жарамдуу элдердин өлүмүнө алып келет. Ошондуктан, үй-бүлөдө бул оорулардын бирөөсү менен ооруган ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, эмгекке жарамдуу бирөө бар болсо, кедей болуп калуу тобокелдиги жогору.

  1. Эң негизги - ден соолук. Саламаттыкты сактоо менен чаташтырбоо керек

Дагы бир дүйнөлүк тренд - алдын алуу жана ден-соолукту бекемдөө багытындагы коомдук саламаттык сактоо кызматын карап чыгуу. Албетте, бул ар бир адам үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Бирок, саламаттык сактоо системасына бюджеттен көп чыгымдар жумшалганына карабастан, чыгашалар өсүп жатканы үчүн үчүн өкмөткө дүйнөлүк тренд болуп калды. Жогорку сапаттагы системаны кармап туруу өнүккөн өлкөлөр үчүн дагы кыйын - калктын арасында алдын алуу менен алектенүү алда канча пайдалуу. Кыргызстан өзгөчө эмес, ошондуктан, мамлекеттик программа менен коомдук саламаттык сактоого эң көп көңүл бурулат.

Мындан тышкары, бул эски ыкма биздин өлкөнүн азыркы чөйрөсүндө саламаттык сактоо системасынын стратегиялык пландаштырууда, жеткирүүдө жана башкарууда иштебейт. Адаттагыдай эле, саламаттыкты сактоо менен Саламаттык сактоо министрлиги алек болушу керек деп эсептелет. Бирок, профилдик министрлик дарыгерлер, оорукана, поликлиника жана буга чейинки адамдарды дарылагандардын баары менен алектенет.

Адамдардын ден-соолугунун 8-10% гана саламаттык сактоо системасынан көз каранды экенини далилденген. Ошондуктан адамдын ден-соолугу көптөгөн башка себептерге да байланыштуу болгондуктан, басым экономикалык, коомдук жана экологиялык багыттарга жасалууда.

Башкача айтканда, Кыргызстанда дени сак жерлер, шаарлар, айыл-кыштактар пайда болушу үчүн саламаттык сактоо системасы башка системаларга багыт бериши керек. Муну менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - ар кандай секторлордун ортосунда байланыш түзүп туруучу топ болушу зарыл.

Ден-соолук мамлекеттик жана муниципалдык саясаттын приоритети болуу менен катар Саламаттык сактоо министрлигинин гана эмес мамлекеттин, элдин, аймактын баалуугуна айланышы абзел. Бизде парктар, оюн аянтчалары, физикалык ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шарттар болушу керек.

Ден-соолукка кам көрүү шаарды өнүктүрүү программаларына кошулуп, машина же айыл чарба үчүн гана эмес, адамдардын ден-соолугуна дагы инфраструктуралар курулушу керек. Тарбия берүү милдети бар билим берүү тармагы дагы кошулушу зарыл.

Жаңы программа акыры бейтапканадагы керебеттердин ден-соолугун карап чыкты. Дагы бир нерсе - башка мамлекеттик органдарды ден-соолукка кам көрүүгө кантип тартуу керек? Бул-мамлекеттик программанын 2030-жылга чейин уланышын бир себеби болуп саналат. 12 жылда системаны жылдырууга болобу - чоң суроо бойдон калууда.

  1. Ден соолук - ар бир адамдын жеке иши. Мамлекеттики гана эмес

Мамлекеттик программага мүнөздүү болгон дагы бир багыт- агартуу жана билим берүү иштери. Эл доктурга аз кайрылышы үчүн ден-соолугуна кам көрүүнү акырындык менен үйрөнүшү керек.

Үй-бүлө сергек өнүктүрүү чөйрөсүн түзүшү зарыл.

  1. Пландаштыруу системасынын өзгөрүшү. Калктын керектөөлөрүнө багыт алуу

Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө калктын стратификацисын жасашкан: кайсы райондо эмне кылуу, кайсы ооруларды көбүрөөк же азыраак алдын алуу керектигин билүү үчүн саламаттыкты сактоо кызматына болгон талапты жана ар бир райондун ден-соолук абалын баалашкан. Өкмөт калктын керектөөлөрүн ордунда аныктагандан кийин саясатты, чыгымдарды жана иш-чараларды пландайт.

Мындай баалоону жүзөгө ашыруу 2030-жылга чейин мамлекеттик программага киргизилген. Биз оору жана өлүм түзүмү көз-карашындагы кырдаалды карап чыгып, баардык жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга байкоо жүргүзүшүбүз керек.

Эпидемиология көзөмөлдөөчүлөрү оору жана өлүм динамикасын карап жатканда жугуштуу эмес жана жугуштуу гана эмес, инсульт, инфаркт, жүрөк кризиси, рак жана башка өнөкөт ооруларын дагы карашы зарыл. Региондор боюнча дагы. Саламаттык сактоо министрлигине белги берип, министрлик болсо мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына транслация кылып турууга тийиш.

Баса, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн карамагына жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу катталган. Бирок баардык багыттар менен иштөө үчүн акча, адамдар, каалоо, система жок. Азыр өкмөттүн программасынын долбоорунда ден-соолукту коргоо үчүн оорларды алдын алуу, бул багыттагы иш-аракеттер бирдиктүү жана максаттуу болушу керек деп жазылган.

Мисалы, кээ бир аймактардын калкы жаман жолдон улам тез жардам убагында келбейт деп даттанса, бул маселе Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиники эмес - маселени чечүүгө жергиликтүү өз алдынча башкарууну туташтыруу керек.

  1. Саламаттык сактоо системасын оптималдаштыруу (кайра бөлүштүрүү) жана күчтүү баштапкы медициналык жардам

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буга чейинки программаларынын артыкчылыктары биринчи жардамды бекемдөө болгонуна карабастан, бюджетте каражаттын жоктугуна байланыштуу ишке ашпай калган. Бюджеттин киреше бөлүгү бир кыйла көтөрүлө албайт деген түшүнүктүн негизинде, эксперттер бар болгон каражатты кантип жеткиликтүү кылып бөлсө болоору жөнүндө ойлоно башташты.

Саламаттык сактоо системасынын оптималдаштыруу жумуш убактысынын өзгөрүүлөрүнө, мобилдик топтордун пайда болушуна, дарыгерлер жана медайымдар ортосундагы жүктүн кайрадан өткөрүлүп берилишинин өзгөрүшү айрым ооруканалардагы бош керебеттер суроосуна (Бишкекте баары толтура, аймактарда бош керебеттер көп) таасир бериши мүмкүн.

Көптөгөн өлкөлөрдө, баштапкы кабыл алууну, өнөкөт оорулары менен жабыркаган адамдарды медайымдар кабыл алат. Мисалы, алар инфаркт жана инсультту алдын алуу үчүн басымды көзөмөлдөшөт. Ошондой эле медайымдар өзүн-өзү өркүндөтүү топторун, алдын алуу программаларын жүргүзүшөт. Дарыгерлер медайым кыла ала турган жумуштарды аткарып жатып көндүмдөрүн жоготуп албашы үчүн, алардан басымды алып таштоону, бизде дагы аткарууну каалап жатышат.

Эмгек акы системасын көтөрүү жана кайра карап чыгуу, саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүнө, сапатына жана жыйынтыгына багыт алат.

Баштапкы алдын алуу программалары эпидемиология көзөмөлдөгөн оорулардын жыйынтыктарына жана калктын суроо-талаптарына негизделип, мамлекеттик жана муниципалдык буйрутмаларынын механизми аркылуу бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууларды тартуу менен ишке ашырылат.

Иштелип чыккан программа ВИЧ / СПИДке, кургак учукка каршы, эне жана баланын ден-соолугун коргоо боюнча башка долбоорлорду чектебейт. Бирок, баардык тик программалардын негизинде пайдубал, бирдиктүү мамиле болушу керек. Бул боюнча дал ушул калктын ден-соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасы болуп калат деп күтүлүүдө.

  1. Артыкчылык инфраструктурага эмес, кызматтарды каржылоого

Талдоо көрсөткөндөй, Кыргызстанда пайдасыз стационардык жардам көрсөтүү көп. Натыйжада, аймактарда заманбап жабдууларды колдонгонду эч ким билбегендиктен, алардын үстү кездеме менен жабылып турат. Ооруканаларда көптөгөн керебеттер жөн эле турат же болбосо аларда үйдө эле дарылоого мүмкүн болгон оорулар менен ооруган бейтаптар жатат.

2030-жылга чейинки мамлекеттик программанын долбоорунда башкаруу обьекти бейтапкана жана жабдуулар эмес, кызмат көрсөтүү болгондуктан, инфраструктураларды каржылоодон алыстоо сунушталууда. Ал эми инфраструктура кызмат көрсөтүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Мисалы, ар бир рентген аппаратында сүрөттөрдү окуп жаткан рентгенолог бекитилбей деле коюшу мүмкүн. Анткени алыскы аймактарда кесипкөй рентгенологдорду камсыздоо кымбатка турат. Ал эми адис сырттан эле жыйынтык чыгара алат. Бул өз кезегинде, ооруканага бир нече ирет барып, кезекке турбай эле, калктын кызмат алууга кеткен каржы наркын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анализди алып келүү үчүн транспортко канча чыгым, убакыт сарпталаарын эч ким эсептеген эмес.

Кардиология жөнүндө айта турган болсок: кесипкөй адистер ар бир айыл өкмөтүндө боло алышпайт. Атүгүл өнүккөн өлкөлөрдүн дагы ар бир кичи райондорго кесипкөй кардиологдорду камсыздоого шарты жок. Андыктан башка оптималдуу моделди карап чыгуу зарыл. Мамлекеттик программада бул толугу менен жазылган эмес, болгону ал жерде бул моделди иштеп чыгуу керек деп айтылган.

Эксперттердин оюу боюнча клиникалардын ортосунда эмгекти бөлүштүрүү, алардын жөндөмдүүлүктөрүн арттырат. Мисалы, хирургдар жылына эң аз дегенде 300 операция жасашы керек. Эгерде ал 40 операция кылса, кесипкөй эмес, оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурган хирург болуп эсептелет. Ал эми Кыргызстанда сейрек операция жасалган, бирок ошого карабастан хирургу бар бейтапканалар көп. Эгерде мындай хирург күтүлбөгөн жерден операция кылса, операциядан кийинки сезгенүүнүн пайда болуу ыктымалы жогору.

Ооруканага өз милдетин чанда аткарган адистин кереги барбы, же күтүлбөгөн абалдарды азайтууда алгачкы жардам көрсөтүү менен ооруну өз учурунда аныктап, дарылап, бейтаптарды убагында аймактык ооруканага жеткирүү үчүн жакшы транспорт менен камсыздаган жакшыбы суроосу программада анализдөөгө сунушталат.

"Дайыма эле ар бир ооруда тик куруу зарыл эмес. Бизде эл аралык оорулардын тизмесинде-жүз миң деген оорулар бар. Анан ар бири үчүн тик куруу керекпи? Буга бир да бюджет чыдай албайт. Ошондуктан, башталгыч, орто, жогорку деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүдө басымдар менен милдеттерди бөлүштүрүү зарыл. Электрондук саламаттыкты сактоо- системаны өнүктүрө турчу абал. Ыкмаларды бүгүнкү күндүн чындыгына жана калктын муктаждыктарына ылайыкташтыруу керек. Кеңеш жана жардам алуу үчүн бейтапканаларда сааттап кезекте турууга адамдардын убакытысы жок”-деди 2030-жылга чейинки программаны иштеп чыгып жаткан эксперттик топтун башчысы Назгүл Ташпаева.

  1. Саламаттык сактоо кызыматынын наркын эсептеп жана бул кызматтарды стратегиялык сатып алуу зарыл

Кыргызстанда көптөгөн ооруларда ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы кандай, мамлекет тарабынан канча бөлүгү каржыланат жана кайсынысын оорулуу өзү төлөп бериши керек экенин билишпейт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө пландаштырууга жана бүт системаны курууга негиз болушу керек.

  1. Мамлекеттик кепилдиктер системасын кайра карап чыгуу

Мамлекеттик программада кошумча төлөө ошол бойдон калат деп киргизилген. Ошол эле учурда мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра карап чыгуу зарыл деп эсептелет. Мунун бир нече себептери бар.

Биринчиден, саламаттыкты сактоого бюджети абдан жай өсөт деген түшүнүк бар. Экинчиден, мамлекеттин убада берип, акырында эч нерсе жасабаганы баарын кыжырдантат.

"Жакшысы чынчыл болуп, бул жерин жасай алабыз, мамлекет өзүнө алат, бул жерди кыла алайбыз деген туура болот. Бул үчүн алгач мамлекеттик кепилдиктер программасынын негиздерин жана ыкмаларын иштеп чыгуу зарыл. Бул мамлекеттин жана коомдун туруктуу өңүтү болуп, кандайдыр бир маакулдашууга келүү керек", - деп түшүндүрдү Ташпаева.

Ал эми эмгекке жарамсыз, калктын аялуу катмары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер акысыз медициналык жардам менен камсыз кылынууга тийиш экени түшүнүктүү эле нерсе. Албетте, өзгөчө кырдаалдарда тез жардам кызматтарынын кепилдиги болушу керек.

  1. Ооруканалардын башчылары - конкурс, келишим жана киреше айкындамасы аркылуу

Адистердин айтымында, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери сынактык тандоодон өтүүгө тийиш. Ошондой эле, жетекчилер медициналык мекемелерде кура турган системасынын сапатына, көлөмүнө жоопкерчилик алышы үчүн алар менен жыйынтыкка багытталган келишим түзүү керек.

Мамлекеттик программаны иштеп чыккандардын айтуусу боюнча: учурда башкаруу клиника уюмдарынын менеджерлерин даярдоодо дарыгерлер өздөрү каалгандай каржылоого ээ боло албай калат. Дарыгерлер жакшы жетекчи боло алышы мүмкүн, бирок менеджерге зарыл болгон каржыны, кадрларды башкаруу сыяктуу иш билгилиги жетиштүү эмес. Башкача айтканда, жетекчилер биринчи каржылык жана адам ресурстарын башкарууну үйрөнсө гана, ооруканалардын өз алдынча чарба жүргүзүү субъекттери жөнүндө сөз кылсак болот.

Ошондой эле программанын долбоорунда айлыгы 20 миң болгон адам кантип жарым миллон долларга үй сатып алгандын түшүнүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери кирешени жана чыгашаны жарыялап турушу керек.

  1. Медициналык камсыздандырууну кайрадан карап чыгуу талап кылынат

Медициналык камсыздандыруу так кантип өзгөрүлөөрү дагы эле белгисиз. Бюджеттин түбөлүк тартыштыгынан улам саламаттык сактоону бюджеттен тышкаркы механизмдердин эсебинен каржылоо керек деген гана жалпы түшүнүк бар. Ошондой эле адам калктын аялуу категориясына таандык эмес болсо, бирок ММК фондуна салым кошсо, ал үчүн артыкчылык же түрткү берүүчү механизмдер болушу мүмкүн деген ой бар. Дагы бир механизм - камсыздандыруу төлөмдөрүнүн баасын кайра карап чыгуу. Үчүнчү – башка алтернативдүү булактарды тартуу, мисалы спирт ичимдиктерин же тамеки өнөр жайын. Жалпысынан алганда, бул талаш-тартыш тема болуп саналат. Ал эми бул жөнүндө ойлонууга мамлекеттик программа багыт берди.

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт