Бет май тандашып коюңуздарчы
2018.08.20, 13:34
617
17 жаштамын. Бет теримдин кандай типте экенин билбейм. Кээде майлуу, кээде кургак. Мисалы, кечинде кургап калганынан майландыруучу бет май сүйкөсөм, эртең менен аябай май болуп калат. Кайра кургатуучу бет май сүйкөсөм бетим тартылып кургап калат, түшүнө албай койдум. Менин жаш курагыма жана бет теримдин тибине жараша бет май сунуштаңызчы.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.08.2018, 13:35
Надира Бейшеева
Косметолог
Окурман, майлуу бетти кургатууга аракет кылган сайын майланыша берет. Сиз тоник жана нымдандыруучу бет майды колдонуңуз. Азыктандыруучу бет майды эч качан колдонбоңуз. Мага кайрылсаңыз мен сизге бетке туура кам көрүүгө көмөктөшөм. Ийгилик сизге!
0
Пайдалуу жооп