Ата-энем чоңойгонумду сезбейт
Саламатсызбы! Мен 18 жаштамын. Өз алдымча басып, тура албайм. Мисалы, унаа айдайын десем ата-энем “шаар ичинен айдай албайсың, айдабай эле кой!” дейт. Чоңойсом деле жаш баладай ойлой берет. Мен канткенде өзүмдү ата-энеме чоң кишидей кылып көргөзө алам? Кеңеш бериңиздерчи!
Динара Асанова
Психолог
Саламатсызбы окурман! Өзүңүздүн жан дүйнөңүздөгү болуп жаткан ой-толгооңуз менен бизге кайрылгандай эле ата-энеңизге дагы кайрылып көрүңүз. Далилдерге таянсаңыз андан да жакшыраак болот. Ата-энеңиз менен ар дайым олуттуу темаларда сүйлөшүп, жакшы окуп, убакытыңыз болсо жумуш таап иштеңиз (окууга тоскоол болбошу керек). Мисалы, унааны өзүңүздүн топтогон акчага сатып алсаңыз, инсан катары аброюңузду бир топ деңгээлге көтөрө аласыз.
Мүмкүн үйдө кичүү баласыз. Мындай учурда ата-эненин камкордугунан чыгуу эки эсе татаал болот. Ошондуктан, “мен чонойдум” деп төш кага бербестен, иш жүзүндө далилдеп, жакындарыңыздын сизге болгон ишенимин арттырыңыз. Сизге ийгилик каалайм!