// //

Эркектин жыныс мүчөсүн чоңойтуу ыкмалары

2018.06.06, 14:20
69548

Эркектин жыныс мүчөсүнүн өлчөмү канча болуш керек? Бул суроо аялдарга караганда эркектердин тынчын көп алат. Келиңиздер, маселени чогуу карап көрөлү.

Медицинада 13-15см өлчөмдөгү жыныс мүчө норма. Эрекция учурунда 8-9 смден кичинекей болсо, анда аны изилдөө керек. Текшерүүдө гормондору, жумурткалары, өсүүсү жакшы чыкса, кабатырлануунун кереги жок.

Эркектик жыныс мүчөнүн кичинекей болуп калуу себептери:

  • Тукум куучулук;
  • Синтетикалык ич кийимдер;
  • Калың, ысык шымдарды көп кийүү;
  • Кошумча оорулар (фимоз, аномалия);

Эротикалык тасмалар комплексти пайда кылат!

Комплекстин пайда болуу себептери:

  • Эротикалык кинолор, видеолор;
  • Достордун, кыздардын шылдыңы;

Мырзаларга айтаарым, порнографиялык тасмалардагы, видеолордогу чоң мүчөлөргө суктанып кереги жок. Реалдуулукта мүчөсү чоң эркектер чанда кездешет.

Эркек жыныс мүчөсү чоң болсо мактанат, кичинекей болсо уялып, тартынат!

Жыныс мүчөнү чоңойтуу жаатында бир топ ыкмалар бар. Негизгилери:

  • Вакуум, резиналар: Вакуум соргондо жыныстык мүчөгө кан толуп, чоңоё түшөт. Бул психологиялык алдоо.
  • Дары-дармектер: Интернет аркылуу сатылган гелдерди сүйкөгөн маалда мүчөгө кан жүгүрүп, көөп, чоң көрүнүп калат. Бул дагы психологиялык алдоо.
  • Операция: Бул жол менен чоңойтуу коркунучтуу. Дарыгер жаңылыштык кетирип алса, ириңдеп кетет. Кээ бирөөлөр оюндагыдай чоңдукта жасатып алып, эрекция учурунда кыйналат.
  • Көнүгүүлөр.
  • Аппараттар.

Өкүнүчтүүсү булардын баары 100 пайыз жардам бербейт.

Эркектерге “жигиттик белгим кичинекей болсо жубайым чанып кетет, кыздар карабайт” деген ойдон алыс болгула демекчимин. Бактылуу өмүр сүрүү үчүн, жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүү эмес. Акылдуу айымдар муну биринчи орунга койбойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
17.06.2019, 13:52

Саламатсызбы негизи эркек кичине 13,14см мучосу менен аялын кандырып болот мен да гель суртуу дегенден алысмын

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт