Көкүрөгүмдүн оорусу ойго салды
Күйөөгө тийе элекмин. Кызмын. Акыркы бир жыл ичинде этек кирим келээрге 1, 2 жума калганда көкүрөгүм ооручу болгон. Бул тууралуу интернеттен карап, кыздардан сурасам “нормалдуу көрүнүш” дегенинен, дарыгерге көрүнгөн эмесмин. Азыр болсо эки жагы тең оорубай бир жагы ооруп, без сыяктуу нерсе пайда болду. Оорута баштаганына бир жума болуп калды. 15инде айызым келет. Эмнеден болушу мүмкүн? Кимге кайрылам? Кеңеш бериңиздерчи!
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, эмчек бези гормонго көз каранды мүчө. Этек кир келээр маалда толуп, ооруксунганы, гормондун (пролактин) өйдө-төмөн болушунан. Көпчүлүк учурда стресс болгондо пролактин гормону өйдөлөп кетет. Айыз келгенден кийин гормондорго анализ тапшырып, текшерүлүүдөн өтүп коюңуз. Мага кайрылсаңыз жардам бере алам. Ден-соолук биринчи байлык!