// //

Үй – бүлөдөгү зордук-зомбулуктун балага тийгизген таасири

2018.06.04, 13:48
12062

Зордук-зомбулуктун таасири жөнүндө кеп баштаардын астында, анын түрлөрү тууралуу маалымат алып алсак. Азыркы учурда зордук-зомбулуктун төрт түрүн ажыратышат:

  • денелик;
  • психикалык –эмоциялык;
  • сексуалдык;
  • баланын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыгына кайдыгер мамиле жасоо.

Физикалык зордук–зомбулук

Зомбулуктун бул түрүнө, баланын өмүрүнө, ден-соолугуна терс таасирин тийгизген коркунучтуу жагдайлар кирет. Мисалга, уруп –соккулар (жаактан ары чабуу, чымчып алуу, тиштөө), күйгүзүү (ысык буюмдар, суюктуктар, тамеки). Балага алкоголдук ичимдиктерди, наркотиктерди, дарыгердин сунуштамасы жок уйку дарыларын берүү, муунтуу жана сууга чөктүрүү зомбулуктун ушул түрүн толуктайт.

Сексуалдык зордук–зомбулук

Сексуалдык керектөөсүн канааттандыруу максатында баланы (кызды, эркекти) колдонуу. Зомбулуктун бул түрүнө секстин бардык түрлөрү, жыныстык органдарын кармалоо, балага өзүнүн жыныстык органдарын көрсөтүү жана анын жыныстык органдарын аңдып кароо, порнобизнеске, сойкулукка балдарды тартуу кирет.

Психикалык-эмоциялык зордук-зомбулук

Бул зомбулуктун белгиси-ата-энеси, баккан адамдар, тарбиячылар тарабынан дайыма же мезгил-мезгили менен баланын адамдык кадыр-баркына шек келтирүүчү, коркутуп-үркүтүүчү сөздөрдү айтуу, күнөөсүз айыптоо, жек көрүүсүн көрсөтүү. Мындан сырткары баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыксыз талаптарды коюу, дайыма калп айтуу дагы психикалык-эмоциялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Баланын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыгына кайдыгер мамиле жасоо

Баланын эң негизги керектөөлөрүн (тамактануу, кийинүү, жашай турган жай, билим алуу, медициналык кызмат) ата-энелери, баккан кишилери тарабынан камсыз кылынбоосу. Мисалга алсак, балдарын кароосуз калтырып, анын кесепетинен баланын өмүрүнө, ден-соолугуна зыян келтирген абалдар түзүлгөн учур. Дагы бир коркунучтуу абал, бул баланын түйүлдүк кезинен эне мээримине, сүйүүсүнө ээ болбошу. Мындайча атканда, каалоосуз бойго бүтүү. Төрөлгөнгө чейин эле эмоционалдык жокко чыгарылган түйүлдүк, айынан мурун төрөлүп, төрөлгөндөн кийин дагы көп ооруп, денесинин салмагы төмөн болуп, өнүгүүсү начар болот.

Зордук–зомбулуктун жакынкы жана алыскы залакалары:

Жакынкы: Көк алалар, сыныктар, ички органдарынын жабыркашы, кусуусу, эстен тануусу.

Алыскы: Баланын денелик жактан жана психикалык өнүгүүсү жабыркап, ар кандай соматикалык ооруларга, инсандык жана эмоционалдык бузулууларга дуушар болушу.

Денелик жактан жана психикалык өнүгүүсүндөгү мүчүлүштүктөр

Мээрим, көңүл буруу, сүйүү жок үй-бүлөдө чоңойгон балдардын көпчүлүгүндө денелик жана психикалык жактан өнүгүүсүндө арта калуу байкалат. Балдарда “жаман адаттар” манжаларын соруу, тырмагын тиштөө, онанизм манен алектенүү пайда болот. Мындай шарттарда жашаган балдардын сырткы көрүнүшү да бөлөкчө болуп турат. Көздөрү шишип, чачы саксайып, кийим-кечеси кир, өңү куп-куу, биттеген.

Зомбулуктан жабыркаган балдардын психикалык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр

Зомбулуктун бардык түрлөрүнө чалдыккан балдар психикалык жаракатка учурашат, бул кийинки өнүгүүсүнө чоң таасирин берет. Балдар өздөрү ашыкча ачуулуу, жининин келгенин башкара албай, өзүнөн кичүү, алсызыраак балдарга, жаныбарларга зомбулук көрсөтөт. Көпчүлүк учурда, оюн маалында себепсиз агрессия пайда болот. Кээ бир учурда бала тескерисинче өтө пассивдүү болуп, өзүн коргой албай калат. Бала өзүнө көңүл бурдуруш үчүн ар кандай акылга сыйбаган жүрүм-турумдарды көрсөтөт.

Зомбулуктан жабыркаган балдардын социалдык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр

Зомбулукка учураган балада жетиштүү билими жок болгондуктан, коомго аралашууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болот. Мындай бала көйгөйлөрдүн чечилишин криминалдык тармактардан издеп, уурулукка берилет. Алкоголдук ичимдикти, баңгизаттарды колдонуп, кыз бала болсо сойкулук менен алектенип кетиши ыктымал.

Жогоруда аталган бардык зордук-зомбулуктун түрлөрүн балага карата колдонуу ар кандай кесепеттерге алып барат. Алардын баары баланын ден-соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирет. Жабыркаган баланын психикасын калыбына келтирүү өтө чоң аракеттерди талап кылат. Статистикалык маалыматтарга таянсак, зомбулукка учураган 100 баланын арасынан бир-экөөсү сөзсүз түрдө курман болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт