// //

Кызганычтан кантип кутулам?

2018.06.01, 11:50
5798

Кызгануу – бул сезим, эмоция эмес, биз үчүн маанилүү болгон адамга карата пайда болот.

Кызгануунун ар кандай аныктамалары бар. Кээ бир адистер кызгануу менен көрө албастыкты окшоштурушат. Бирок бул түшүнүктөрдүн айырмасы чоң. Себеби кызганууда ​​сүйгөн же жактырган адамыңдан шектенип, күмөн санай баштайсың. Көбүнчө шектенесиң, аны жоготуудан коркосуң.

Кызгануу төмөнкү эмоциялар менен коштолот:

  • Коркуу
  • Ачуулануу
  • Чочулоо

Кызганычтын негизги себеби – чыккынчылык. Көбүнчө сүйгөнүнө чын дили менен ишенген же болбосо мамилебиз ийгиликтүү деп ойлогон адамдардын жүрөгү жараланат.

Кызганган адамдын аракеттери:

  • Когнитивдик аракет- кызганган адам сезиминин келип чыгуу себептерин анализдейт.
  • Аффективдик аракет- кызганганда ачууланат, жек көрөт, көңүлү калат, өзүн жана өнөктөшүн жемелейт.
  • Жүрүм-турум аракети-өнөктөшүн кармап калуу үчүн- коркутат, өтүнөт, ынандырат, түшүндүрүүгө аракет кылат.

Кызганычтын түрлөрү:

  • Катаал кызганыч-өжөр, өктөм, өзүнүкүн бербеген, майдачыл, сезимдери муздак адамдарда болот. Алар башкаларга аткарууга кыйын же мүмкүн болбогон талаптарды коюшат. Күнөөнү өзүнөн эмес, өнөктөшүнөн издейт.
  • Өзүнө ишенбеген адамдардын кызганычы- булар өздөрүн төмөн баалайт. Депрессия жана үмүтсүздүккө бат түшүп, кичинекей нерселерди күчөтүп жиберет. Ар бир адамды атаандашы катары көрөт. Өнөктөшүнүн жетиштүү мамиле бурбай жатканын байкаса, дароо эле күмөн санай баштайт.
  • Тетири кызганыч- эгерде өзү чыккынчылык кылуу тууралуу ойлосо, шериктешин дагы ошентип ойлоп жатат дейт.
  • Үйрөтүлгөн кызганыч- коомдон, ата-энесинен уккан же китеп, тасмалардан көргөн “баардык эркектер же аялдар бирдей” деген пикирден улам кызганат.

Кызганычтан арылуу жолдору:

  • Өзүңүздү кандай болсоңуз, ошондой кабыл алыңыз. Жакшы же жаман адамдар жок, биз жакшы көргөн жана жакшы көрбөгөн адамдар гана бар экенин билиңиз.
  • Көңүлүңүздү окуу, жумуш, хобби сыяктуу маанилүү неселерге буруңуз.
  • Өткөндү анализдеп, андан сабак алып, өз каталарыңызды тапканга аракет кылыңыз.
  • Чечим кабыл алыңыз: өнөктөшүңүздүн чыккынчылыгын кечирип, мамилени улантасыз же токтотосуз. Канчалык созо берсеңиз, ошончолук кызганыч күчөйт.
  • Жашооңуздун образын алмаштырыңыз. Жаңы досторду, кызыкчылыктарды, хоббилерди табыңыз, көптөн бери кыялданган нерсеңизди ишке ашырыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт