// //

Гинекологдон жооп

2018.05.31, 14:14
12007

Окурмандарыбыз арасында гинекологиялык суроолор өтө арбын. Мастит, тукумсуздук, этек кир циклинин бузулуусу жана башка оорулардын келип чыгуу себептери тууралуу көпчүлүк биле бербейт. Бул ирээт суроолорго акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова жооп берди.

Сүйлөшкөн кызыман шектенем

Сүйлөшкөн кызымдын төшүнүн үрпү чоң жана кара болуп турат. Анын кыз экендигинен күмөнүм бар. Кантип билсем болот?

- Урматтуу мырза, ар бир кыз киши индивидуалдуу. Кээ бир кыздардын эмчек үрпү кичинекей же жок болсо, айрымдарыныкы чоң болуп турат. Менимче сиз кош бойлуу айымдын эмчек үрпүн көргөнсүз. Боюнда бар айымдардын үрпү чоңоюп, караят. Ошол себептен сүйлөшкөн кызыңыздан шек санап жатасыз. Мындай күмөн саноодон арылуу үчүн сүйүктүү кызыңызды гинекологдун көзөмөлүнөн өткөрүңүз.

Күйөөмө көңүлүм жок

Жашым 21 де. Жолдошумду сүйбөйм. Бизди ата-энебиз табыштырган. Балалуу боло элекпиз. Төшөккө келгенде ага болгон кумарым ойгонбойт. Канткенде балалуу боло алабыз?

- Билесизби, бойго бүтпөөнүн бирден бир себеби психологиялык жабыр тартуу.

Бул эмнеден болот десеңиз:

  • Бирин-бири тааныбаган эки жаш үйлөнсө. Башкача айтканда кызды ала качып алуу же болбосо ата-энелердин сунушу менен баш кошуу;
  • Кыздын эркекке болгон шек саноосу;
  • Кыз кичинесинде эркектен запкы чексе;

Мүмкүн ушул себептердин айынан кош бойлуу болбой жатасыз. Түшүнүп турам, сүйбөгөн адамдын баскан турганына, аны менен бир төшөктө жатууга көнүү оор. Сиз биринчи психологиялык жактан өзүңүздү даярдаңыз. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо адистерге кайрылыңыз.

Боюмда бар окшойт

21 жаштамын. Бир ай мурун жигитим менен жыныстык катнашта болгом. Бир жумадан бери башым ооруп, кускум келип, даартканага бат-баттан барып жатам. Этек кирим дагы келе элек. Боюмда барбы?

- Эгерде кошулганда сактануу каражаттарын колдонбогон болсоңуз, кош бойлуу болушуңуз толук мүмкүн. Сиз кош бойлуулукту аныктоочу тестти пайдаланып көрүңүз. Эгер боюңузда бар болсо гинекологго кайрылып УЗИге түшүп, атайын кеңештерди алыңыз. Бул туурасында жигитке кабарлоону дагы эстен чыгарбаңыз.

Мастит эмеспи?

Менин эмчектеги эки айлык кызым бар. Эки күндөн бери төшүмдүн үстү кызарып калыптыр. Коркуп жатам. Маститтин белгиси эмеспи?

- Балаңызды эмизип жатканда кандайдыр бир инфекция кирген болсо, мастит болушу толук ыктымал. Сиз тезинен адиске кайрылыңыз. Мастит күчөп кетсе ириңдеп, бир топ кыйынчылыкты туудурат.

Толуп баратам

Мен 20 жаштамын. Адамда гормондук бузулуулар болсо салмак кошобу? Кантип гормондун балансын теңдесе болот?

- Боюңуз канча сантиметр? Балким салмагыңыз бойдун узундугуна жараша өзгөрүп жаткандыр. Туура эмес режим менен тамактансаңыз, ал дагы таасирин тийгизет. Гормондук бузулууну калыпка келтирүү үчүн эндикринолог же гинеколог адисинин көзөмөлүнөн өтүү кажет. Дарыгерди текшерүүсүнөн кийин, дары-дармектер сунушталат.

Эки башка диагноз

Мен 16 жаштамын. Этек кирим бир ай толугу менен келбей калгандыгына байланыштуу текшерүүдөн өткөм. Биринчи текшерүүдө “Жатын кистасы” деген диагноз коюлган. Жүйөлүү себептерге байланыштуу дарылана алган жокмун. Шартым болгондо кайрадан барсам “диклофенак-акос” жана башка дары-дармектерди жазып берди. Кимисине ишенем?

-Ар бир дарыгер көрүнгөн убактагы абалыңызга жараша дарылоо жүргүзөт. Сиз экинчи дарыгерге кайрылган учурда менстурацияңыз келген болсо, кайрадан текшерүүдөн өтүшүңүз керек болчу. Дагы бир ирээт кайрылып, кайрадан анализдерди тапшырып, УЗИге түшүңүз.

Балалуу болбой каламбы?

Жашым 18 де. Турмушка чыга элекмин. Этек кирим 5-классымдан баштап келе баштаган. Бирок, бир айда эмес 2-4-5 айда бир келет. Айыз учурунда кадимкидей ооруп, кыйналам. Кийин турмушка чыксам, төрөбөй калышым мүмкүнбү?

- Учурда 18 жашта болсоңуз менстуралдык цикл өз калыбына келиши керек эле. Студент болсоңуз студенттик поликлиникага барып, текшерүүдөн өтсөңүз болот. Канчалык эрте дарыланууну баштасаңыз, коркунуч ошончолук аз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт