Апам мени тарак менен башка чабат
Апам менен такыр тил табыша албайм. Апамдан коркуп турам. Оозго келбес жаман сөздөр менен урушат. Эсимде кичинекей кезимде тарак менен башыма чаап урчу. Азыр 27 жаштамын, 2 уулдун энесимин. Урушпасын деп, дагы да апама эч нерсе айта албайм. Жолдошум Москвада болгондуктан 4 жылдан бери балдарым менен апамдын жанындамын. Балдарым тентегирээк. Апам урушканда чыдабай каяша айта турган болдум. Нерв болсом колдорум калтырайт.
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, башка адам менен тил табышуу үчүн, биринчиден сиз диалогго даяр болушуңуз керек. Сиздин кайрылууңузда бир нече көйгөйлөр айтылыптыр. Чындыгында бала кичинекей кезинде болгон терс нерселерди эсине тутуп калат. Тарак менен башка уруу бул туура эмес жана зомбулуктун бир түрү болуп эсептелинет. Ал нерсени унутуу үчүн апаңыз менен өзүнчө сүйлөшүп ал жөнүндө айтсаңыз жеңилдеп каласыз. Бирок ошол эле учурда апаңыз сүйлөшүүгө даяр болбосо анын кыжыры кайнап кайрадан урушка алып келиши ыктымал.
Сиз эне катары балдарыңыз үчүн күйүп ар дайым коргогонго даярсыз-бул нерсе энелик инстинкт деп аталат. Жубайыңыз алыста болуп, апаңыз менен тил табыша албаган үчүн сиз “нерв” болуп жатасыз. Азыркы учурда балдарды энеңиз менен бирге тарбиялап жаткан үчүн сиздер олтуруп алып, тарбиялоонун жалпы эрежелерин тандагыла. Балким сизге нормалдуу болгон нерсе сиздин апаңызга жакпайт, ошол себептен ал неберелерин урушуп жаткандыр.
Колдоруңуз калтыраса сиз невролог/невропатологго же үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылгаңыз туура болот.